Бүтүрүүчүлөр кечеси » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бүтүрүүчүлөр кечеси

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин бүтүрүүчүлөрү.



Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин бүтүрүүчүлөрү менен студенттердин арасында кызматташтык мамилелерди жакшыртуу жана туугандык сезимдерин бекемдөө максатында аталган жогорку мектеп тарабынан уюштурулган «Бүтүрүүчүлөр кечеси» мыкты маанайда өттү.

25-февраль күнү «Салкын Төр» ресторанына чогулган бүтүрүүчүлөр жакшы маанайда олтурушту.

Аталган кечеге жогорку мектептин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем, мүдүрдүн орун басары, доцент  Жунейт Токмак, ага окутуучу Надира Турганбаева, бөлүм башчысы, проф. Шенол Чавуш, ага окутуучу Сапаргүл Турдубекова, жогорку мектептин бүтүрүүчүлөрү жана студенттер катышышты.

Жогорку мектептин мүдүрү Барыш Эрдем өз бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанып: “Манас университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби ар дайым ийгиликтерди багынтып, бир катар сыйлыктарга жана жетишкендиктерге ээ болуп келе жатат. Ал эми биз өз бүтүрүүчүлөрүбүз менен ар дайым сыймыктанып, мындан ары да байланышыбызды үзбөй турмакчыбыз. Ошондой эле мындан кийин бүтүрүүчүлөр кечесин жыл сайын өткөрүп турабыз.», - деп билдирди.

Иш-чарага белгилүү себептерден катыша албай калган бүтүрүүчүлөр өз куттуктоолору менен ыраазычылыктарын видео-ролик аркылуу жиберишип, билдиришти.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

Бүтүрүүчүлөр кечеси Бүтүрүүчүлөр кечеси Бүтүрүүчүлөр кечеси Бүтүрүүчүлөр кечеси Бүтүрүүчүлөр кечеси

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться