Өнүгүү жолунда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Өнүгүү жолунда

7май күнү болсо кыргыз сомунун 25 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. 



1993 жыл. Советтер Союзунун курамынан чыгып, өлкө өз жолун табууга алдыга карай сапар алды. Алдыда көптөгөн маселелерди чечүү керек эле. Алардын эң маанилүү иш чаранын  бири- өз валютасын  ишке киргизүү.  

Коңшу өлкөлөрдүн арасынан биринчилерден болуп, кыргыз парламенти өз акча-кредиттик саясатын жүргүзүү боюнча чечим кабыл алды.  

 

Арадан 25 жыл өтүп, Кыргызстан өнүгүү жолунда ийгиликтүү келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулду.  

7май күнү болсо кыргыз сомунун 25 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. 

 

Кыргыз Улуттук Филармонияда бул саамалыкка катышууга кыргыз сомун тургузууга жана өнүктүрүүгө өз салымын кошкон инсандар катышты. 

 

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 25 жыл мурун кабыл алынган чечим эң туура жана Кыргызстандын өнүгүшүнө эң жакшы таасир берген факторлордун бири болгон.

 

Жазган: Айдан Кенжетаева

Өнүгүү жолунда Өнүгүү жолунда Өнүгүү жолунда

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться