Өлкөбүздө : “ Дүйнөлүк Акча Жумалыгы” башталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Өлкөбүздө : “ Дүйнөлүк Акча Жумалыгы” башталды

Кыргызстанда 12-мартта салтка айлангандай балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган,  Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алды.



Дүйнө жүзүндөгүдөй эле, Кыргызстанда 12-мартта салтка айлангандай балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган,  Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алды. Бул тууралуу,  Кыргыз Республикалык Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун катышуусундагы пресс-конференцияда жарыяланды. Т. Абдыгулов,  балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселеси, дале болсо курч бойдон калып жаткандыгын баса белгилеп, өз сөзүндө,  «Бул багыт мамлекет тарабынан бекитилген калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасындагы приоритеттүү багыт болуп эсептелет. Аталган программанын алкагында Улуттук банк Билим берүү жана илим министрлиги, өнөктөш уюмдар менен биргеликте мектеп программасына финансылык сабаттуулуктун элементтерин камтып кетүүнүн үстүндө иштеп жатат», -деп билдирди төрага Абдыгулов.  Бир жуманын ичинде Улуттук банк,  мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар биргелешип, мектептерде ачык саатарды, ЖОЖда лекцияларды окуп, Улуттук банктын нумизматикалык музейинде экскурсияларды уюштуруп, коммерциялык банк жана мамлекеттик органдарда ачык эшик кундорун, квест-оюн, балдар арасындагы бизнес-жарманке ж.б бир катар иш чараларды өткөрүшөрү максатталган. Мындан  сырткар улуттук (сүрөт, эссе, мектептин бюджетин талкуулоо ж.б) сынактардын жыйынтыгы чыгарылат. Сынактын  женүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлоо аземи 20-мартта Гапар Айтиев атындагы сүрөт исскуство музейинде өткөрүлүшү күтүлөт.

Өлкөбүздө : “ Дүйнөлүк Акча Жумалыгы” башталды Өлкөбүздө : “ Дүйнөлүк Акча Жумалыгы” башталды

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться