Манастын мырзасы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Манастын мырзасы

23-февраль күнү окуу жайыбызда «Манастын мырзасы» атуу иш-чара болуп өттү.



23-февраль күнү окуу жайыбызда «Манастын мырзасы» атуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чара 23-февраль Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата университетте биринчи жолу уюштурулду.

Аталган конкурска студенттердин ичинен 13 жигит катышты. Жигиттер  «Манас айтуу», «Дефиле», «Эстрадалык ырлар», «ϴзгөчө өнөр» баскычтары боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, жарышты.

Иш-чаранын ачылышында окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин  Балжы: «Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын бир жерде ынтымакта иш алып барып жаткандыктары жана ийгиликтери бизди дайыма кубандырып турат. Университеттин коомдук иштерине жана студенттик турмушка активдүү аралашкан студенттер менен чогуу иштешүүгө жана аларга колдоо көрсөтүүгө биз дайым даярбыз”, -деп, сөзүнүн аягында конкурстун катышуучуларына ийгилик каалады.

Кыргызстандын белгилүү эстрада ырчыларынан Малика Дина, Максат Бегалиев, Илима, Самат Кочкорбаев жана Студенттик башкармалыгынын жетекчиси К.Турдакуновадан түзүлгөн калыстар тобу биринчиликти Айкөл Нурланбек уулуна, экинчиликти Эрмек Казыбеков жана үчүнчү орунду Нуржигит Мырзабековго ыйгарышты.

Конкурстун жыйынтыгында актерлук чеберчилиги, өзгөчө өнөрлөрү менен айырмаланган конкурстун катышуучуларына окуу жайдын «Манастын мырзасы» деген грамотасы жана белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, иш-чарага «Köseoğlu» курулуш компаниясы демөөрчүлүк кылган жана иш-чарадан түшкөн каражат жардамга муктаж болгондорго жумшалмакчы.

Аталган конкурска төмөнкү жигиттер катышкан: Н.Мырзабеков, ϴ.Болотбеков, Э.Жанбурак, А.Абдыраев, Арген Нурмат уулу, Айкөл Нурланбек уулу, Э.Казыбеков, Илияз Таалайбек уулу, Каныбек Толкун уулу, А.Бекбоев, Э.Кадыров.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы Манастын мырзасы

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться