КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси

«ϴмүр бизден өтүп кетсе - эл эмгектен эскерсин» (А.Токомбаев)



Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында окуу жайдын түптөөчүсү, белгилүү коомдук ишмер, 3-даражадагы Манас орденинин ээси, маркум Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси  болуп өттү.

Улуу инсанды эскерүү иш-чарасына маркумдун үзөнгүлөш шакирттери КРнын экс-президенти Роза Отунбаева, коомдук ишмер Амангелди Муралиев, профессор Жумагул Сааданбеков, КТМУнун биринчи проректору, профессор А.Кулмырзаев, проректор, профессор Анварбек Мокеев жана башка белгилүү коомдук ишмерлер, окумуштуулар, ошондой эле маркумдун үй-бүлөсү жана жакындары, КТМУнун окутуучулар жамааты менен студенттери катышты.

Эскерүү кечеси университеттин Көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган "Мезгил жана өзүм тууралуу ой жүгүртүүлөр" деген Карыбек Молдобаевдин өзү тууралуу китебинин негизинде театралдаштырылган композициянын көрсөтүлүшү менен башталды.

КТМУнун биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжынын иш сапары менен жүргөндүгүнө байланыштуу келе албаганын айтып, профессор К.Молдобаевдин өлкөнүн өнүгүүсүндө, ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетин түптөөдө жана өнүктүрүүдө эбегейсиз чоң салымы бар экендигин баса белгиледи. Ал өз сөзүндө батыш моделиндеги, эл аралык тажрыйбага таянган, заманбап окуу жайын курууга болгон далаалаттарына, татыктуу ишмердүүлүктөрүнө токтолду. - “Агайдын шакирттери жана үзөнгүлөштөрү көп болгон. Анын таптап, тарбиялаган шакирттеринен мамлекетти жетектеген инсандар чыкты.

Карыбек агай менен биринчи 2004-жылы таанышкам. Таанышканымда эле абдан оор басырыктуу, ар бир сөзүнө маани берип сүйлөгөн киши экенине баа бердим. Ал мага Инженерия факультетинин түптөлүшүнө жардам бересиң деп чакырып, кийин бирге иштешип калдык. Агай менен Инженердик факультетинин инфраструктурасын түптөөгө батыш моделиндеги лабораторияларды куралы деп сүйлөштүк. Мына азыр Орто Азияда эң алдыңкы лабораториялардын бири болуп, кызмат кылууда. Ал абдан көрөгөч, турмуштук тажрыйбага бай, кесиптик жагынан жогорку даражага жеткен жана адамдык сапаты жогору инсан болгон. Ал дайыма ынтымакка чакырып, ансыз өнүгүү болбосун айтып турчу.  Чынында эле агайыбыздын окуу жай үчүн жасаган эмгектери баа жеткис. Быйыл Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түзүлүшүнө 22 жыл толду, учурда Борбор Азиянын Чолпон жылдызына айланган, татыктуу билим берген, эл аралык деңгээлге чыгып, үлгүлүү университеттердин бири болууга жетишти. Бул бийик даражага Карыбек Молдобаев агайыбыз баш болуп жетиштик. Биз эч качан окуу жайыбыздын тарыхында из калтырган улуу инсандарды унутпайбыз жана сый-урматыбыз менен Карыбек агайды куруучу ректор катары эскеребиз”,- деди.

Окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор Анварбек Мокеев маркум Карыбек Молдобаевдин Кыргызстан үчүн тоо көтөргүс эмгеги жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түптөлүшүнө кошкон зор салымын баса белгиледи. Айрыкча жер маселесине байланыштуу Жал кампусунун территориясын чечүүдөгү эскерүүлөргө токтолуп, Карыбек Молдобаевдин “Манас” университетинин түптөлүшүндө терең билим, тунук акылын аябай ак кызмат өтөп кеткенин айтты.

Кезектеги эскерүү сөзү КРнын мурдагы Президенти, коомдук ишмер Роза Отунбаевага берилип, ал коррупциясы жок Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тазалыгын Карыбек Молдобаевдин жан дүйнөсүнүн аруулугуна, тазалыгына салыштырды. – “Бишкек шаарынын өнүгүшүнө зор салым кошкон, талапты катуу коюп партия, өкмөт деп иштеген, таалими таасирдүү киши эле. Азыркы жаштар, Карыбек Модобаевичтей өмүрү өрнөк адамдардын тарбиясынан үлгү алып, тектүү адамдардан болууга умтулсаңар”, - деген жылуу сөздөрү менен эскерди.

К.Молдобаевдин шакирттеринин бири, коомдук ишмер Амангелди Муралиев: “маркумдун ойчулдугун, илимпоздугун, мекенчилдигин жана жогорку деңгээлдеги уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн “Манас” университети долбоорун түзүүдө өзгөчө байкай алдым” дейт.

Профессор Ж.Сааданбеков К.Молдобаевдин жөнөкөйлүгүн жана залкарлыгын баалап: “Байыркы грек философу Диогендин «Адамды издеп жүрөм» деген сөзүндө, ал материалдуу жыргалчылыктардан, байлыктан, бийликтен, атак-даңктан көз каранды болбогон адамды издеген. Дал ошол издеп таба албаган адам Карыбек Молдобаев болчу. ϴзү гуманитрадык илимпоз болсо да, курулуштун, коммуналдык чарбанын, инфраструктуранын нагыз академиги болуп чыкты. Молдобаевдин заманында Европа стилиндеги шаардын курулушу менен ири өнөр-жай ишканалары, маданият, спорт өнүктү», - деп бирге иштешкенине сыймыктанаарын билдирди.

КТМУнун котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу Мүхиттин Гүмүш: “Карыбек агайды эскерүүчү сөздөр чынында эле көп. Мен он жыл бою чогуу иштешип, андан  кичипейил, жөнөкөй, акылдуу, билимдүү жана адилеттүү адамды гана көрө алдым”, -деди.

КТМУнун философия бөлүмүнүн профессору Жылдыз Урманбетова да Молдобаев деген ааламдын философиялык көрөгөчтүгүнө, саясий ишмердүүлүгүнө жана бийик инсандык сапаттарына токтолду.

Андан кийин Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ийгиликтүү студенттери үчүн Карыбек Молдобаевдин неберелери тарабынан уюштурулган «Карыбек Молдобаевдин стипендиясы» аталыштагы сыйлыгы, университеттин алдыңкы үч студентине: Экономика жана башкаруу факультетинин 3-курсунун студенти Перизат Рысбек кызы, Коммуникация факультетинин 3-курсунан Атабек Апышевге жана Гуманитардык факультетинин 3-курсунун студенти Айзат Медетбек кызына тапшырылды. Аны К.Молдобаевдин кыздары менен небереси Жангазиев Айбек Данилович тапшырып, КТМУнун жетекчилигине, иш-чаранын катышуучу жана уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, бул жөрөлгө жыл сайын маркум профессор Карыбек Молдобаевдин туулган күнүндө тапшырылып келет.


Загрузка плеера...


КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси КТМУнун негиздөөчү ректору Карыбек Молдобаевди эскерүү кечеси

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться