Элчибиз Радиобузга конок болду. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Элчибиз Радиобузга конок болду.

Түркия республикасынын толук ыйгарымдуу элчиси Кыргызстан менен Түркия ортосундагы түрдүү тармактарга жүрүп жаткан мамилелерди түшүндүрдү.



Түркия республикасынын толук ыйгарымдуу элчиси Метин Кылыч Кыргыз-Түрк Манас университетинин маалымат каражаты болгон Манас ФМдеги уктурууда Кыргызстан менен Түркия ортосундагы түрдүү тармактарга жүрүп жаткан мамилелерди түшүндүрдү.

Манас ФМ де кечээ (8-февраль, 2016) уктурулган программа синхрондук түрдө орус тилине да которулду.

Анадолу агенттиги тарабынан кабар болуп даярдалган программа, түрк медиасында да орун алды.

Элчи Метин Кылыч, Түркиянын Кыргысзстанга жасаган эң чоң инвеситицияларынын бири бул билим берүү тармагы экендигин баса белгиледи. Элчи Кылыч: “Билим берүү – Түркиянын ары мамлекет, ары жеке университеттери жана мектептеринин күчү менен курулган тармак болуп саналат. Бул инвестициянын наркына көз чаптыра турган болсок бери жагы 1 миллиард долларлык бюджетти көрүүдөбүз.  Анын ичинен 300 миллион доллар Кыргыз-Түрк Манас университетине каралган. Кыргыз-Түрк Манас унисерситетинин көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон студенттик кампусу – Кыргызстандын алгачкы кампустарынын бири. Заманбап үлгүдөгү бир университет. Абдан чоң инвестиция жумшалган”,-деди

Түркия менен Кыргызстан ортосундагы экономикалык жана соода алакаларына да баа берген элчи мырза, түрк инвестицияларынын экономикалык жана социалдык жактан абдан чоң пайда келтирип жаткандыгын айтып кетти. Кыргызстанга инвестиция кылган ишкерлерди баатыр катары санаган Кылыч, ишкерлердин Кыргызстанды ата мекени сыяктуу карагандыгын белгиледи.

Уктурууда аскердик мамилелерден сөз кылган Метин Кылыч Түркия аскер ордосунун НАТО догу күчү жагынан экинчи бир чоң ордо болгондугун айтып, Түркиядагы жетиштүү аскер куралдарын өздөрү өндүргөндүгүнө токтолду. Аны менен бир катар дүйнөдөгү башка өлкөлөргө сатып жатканын, Кыргызстан сыяктуу дос жана бир тууган өлкөлөргө мындай мүмкүнчүлүктөрдү акысыз камсыздай турганын белгилей кетти. Кылыч мырза Түрк аскер ордосунун кыргыз аскерлерин Түркияда жана Кыргызстанда тарбиялагандыгын жана ар жылы Түркия мамлекети тарабынан Кыргызстанга 2 миллон доллар өлчөмүндө  аскердик жабдуулардын жардам катары берилгендигин  да унутта калтыган жок.

Ыйгарым укуктуу элчи Метин Кылыч, Кыргызстан, Түркия ортосундагы коомдук-маданий мамилелер, эки тараптуу келишимдер, коомдук медианын маанилүүлүгү, Кыргызстанда жашаган 3 жылдык көз карашы жана жалпы эле түрк дүйнөсү тууралуу кеп кылды.

Түрк медиасына жарыяланган айрым кабарлар:

haberler.com

Bugün

dailymotion

Son Gündem

Yurttan Haber

 

Радио ТВ башкармалыгы,

Массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланыш бѳлүмү

Посол – гость радио «Манас». Посол – гость радио «Манас». Посол – гость радио «Манас». Посол – гость радио «Манас». Посол – гость радио «Манас».

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться