Ак жол сага, бүтүрүүчү! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ак жол сага, бүтүрүүчү!

«Манас» XVI бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду



2017-жылдын 20-июнунда Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчанын спорттук аянтчасында 2016-2017-окуу жылынын КТМУнун «Бүтүрүүчүлөрүн уядан учуруу» салтанаты болуп өттү.
Окуу жай 20-июнь күнү 16-бүтүрүүчүлөрүн турмуш жолуна аттандыруу салтанатын белгиледи. Кыргызстандын билим берүү рыногунда жыйырма эки жылдан бери иштеп келе  жаткан университет жалпысынан 5000ден ашуун бүтүрүүчүнү уядан учурду. Алар азыр дүйнөнүн 32 мамлекетинде иштеп жатышкан чагы.
Бүтүрүүчүлөрдүн аземине КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев жана Камкорчулар кеңешинин төрагасы Юсуф Текин катышып, бүтүрүүчүлөр менен алардын ата-энелерине куттуктоо сөзүн айтышты. Азем бүтүрүүчүлөрдүн парады менен башталып, эки өлкөнүн гимни ойнолуп, бүтүрүүчүлөр ант беришти.
Кеченин ачылышында КТМУнун ректору Себахаттин Балжы: «Эки боордош элдин ортосунда түзүлгөн өрнөктүү университетибиздин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн 33 өлкөсүндө иштеп жатышат. Аларга университеттин атынан ыраазычылыгымды билдирем. Университетибиздин дүйнөлүк деңгээлде өнүгүшү үчүн колдон келген иштерди жасап келебиз. 22 жыл ичинде 5000дей адистерди даярдап, быйыл 736 бүтүрүүчүнү уядан учуруп жатабыз. Кыргызстандын жана Түрк дүйнөсүнүн жарык келечеги ушул жаштарыбыздын колунда. “Манас” университети сиздердин уяңыздар, окуу жайдын эшиги ар дайым сиздер үчүн ачык. Мен студенттерим менен абдан сыймыктанам, “Манас” университетинин байрагын дүйнөнүн бардык жеринде желбиретесиңер деп ишенем. Баарыңарга ак жол, жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун! »,- деп, 5 жыл бою “Манас» университетине ишенип, өз балдарын аманат кылган ата-энелерге да ыраазычылыгын билдирди.
Ал эми биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев бүтүрүүчүлөрдү маанилүү күнү менен куттуктап, КТМУну бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө ар ким ээ боло бербегенин айтты. Ошондой эле келечекте бүтүрүүчүлөр  жашоодогу адилет, сый жана сүйүү сыяктуу баалуулуктарды жоготпой, мамлекетке жана элге ак эмгектен кызмат кылуу керектигин баса белгилеп: «Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аброюн көтөрүп жүргүлө, келечегиңер кең, сапарыңар байсалдуу болсун”, - деди.
КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева өзүнүн куттуктоо сөзүндө: “Урматтуу студенттер, билим алуу ийне менен кудук казгандай демекчи, ак эмгек менен жеткен алгачкы ийгилигиңер кут болсун! Бүгүнкү ийгиликке жетүү үчүн ар бириңер тынымсыз эмгек кылдыңар. Бүгүнкү күнү Кыргызстан жөндөмдүү жаш адистерге муктаж болуп турган убагы. Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университети мындан ары да замандын талабына толугу менен жооп берген жогорку билимдүү адистерди даярдоодо олуттуу салымдарын кошо берээрине терең ишенем. Турмуш жолуңар ар дайым ачык болуп, ийгиликтер коштоп жүрсүн!”, -деди.
Андан соң КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана ТРнын Билим берүү министринин орун басары Юсуф Текин Кыргыз-Түрк «Манас» унвиерситетинин өнүгүп жатканына кубанычта экенин билдирип, эки өлкө ортосунда «Алтын көпүрө» болуп, өзүнүн миссиясын аткарып, эки мамлекеттин достук, бир туугандык мамилесинин бекемделишине зор салым кошуп келе жатканына басым жасады. Ошондой эле «Манас» университетинин 16 – бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайды бүткөндүктөрү менен куттуктап: «Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Силер Түрк дүйнөсүнүн келечегин улантуучуларысыңар, андыктан, силер келечекте «Манас» университетинин «Алтын көпүрө» болуу миссиясын татыктуу аткарып кетесиңер деп терең ишенебиз. Камкорчулар кеңешинин төрагасы катары университеттин бардык муктаждыктарын камсыз кылабыз деп сөз берем. Биз билим берүү менен эки өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон болобуз. Ар дайым жолуңар ачык болсун!» ,-деп бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады. 
Түркия парламентинин депутаты Мехмет Гүнал бүгүнкү күн чоң кубаныч тартуулап жатканын билдирип: “Бардык түрк элине жана Түрк дүйнөсүнө болгон ишенимим дагы бир жолу бекемделип жатат. Бүгүн баарыбыз күбө болгон кечеде ант берген жаштарыбыз келечекте эки өлкөнүн достугун дагы бекемдеп Кыргызстанга, Түрк дүйнөсүнө ак дилден кызмат өтөшөт деп терең ишенем. Силерди тарбиялап өстүргөн ата-энелердин мээнетине, айрыкча билим берген мугалимдериңерге ыраазылык билдирем. Силерди өмүр бою ийгиликтер коштоп жүрсүн”, - деп жылуу куттуктады.
 Андан кийинки иш-чара университеттин алдыңкы үч бүтүрүүчүсүн куттуктоо, ардак тактага университет эң алдыңкысынын атын калтыруу салты менен уланды. Бул күнү өлкөбүздөгү алдыңкы университеттердин алдында бара жаткан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дипломуна ээ болгон балдары үчүн эне-аталар чексиз кубанычка батып турду. Бүтүрүүчүлөрдүн кечки салтанатын эстрада жылдыздарынын концерти көркүнө чыгарып, салюттар атылып жатты.
«Университеттин эң мыкты бүтүрүүчүсү» номинациясына Гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Айзат Ибраева, экинчи орунга Экономика жана башкаруу факультетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Нагима Шүкүрбекова, үчүнчү орунга Экономика жана башкаруу факультетинин финансы жана кредит бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Беназир Досматова жана Гуманитардык факультеттин чыгыш тилдер бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Мээрим Ибраимова татыктуу болушту. Андан соң “Университеттин эң алдыңкы бүтүрүүчүсү” деген номинацияга ээ болгон Айзат Ибраева ардак тактага өзүнүн ысымын калтыруу каадасын аткарды. Кече бүтүрүүчүлөргө бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү тапшыруу салтанаты жана белгилүү кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда даярдалган концерт менен аяктады.
Ак жол сага, бүтүрүүчү!

 

Media Manas түз эфирде:

 


Загрузка плеера...


Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү! Ак жол сага, бүтүрүүчү!

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться