Бар болсун балдарыбыздын "Байчечекей" журналы!
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында жеткинчектерге арналган иш-чаралар өтүүдө.
Кыргыз бөбөктөрүнө болбогон кытай оюнчугун алып бергиче эч кур дебегенде, «Байчечекей» аттуу 38 жылдык тарыхы бар журналына жазылыныз!
Жазылуу баасы 6 айга болгону 90сом.
«Байчечекей» журналдын баш редактору, Кыргыз Эл акыны Токтосун САМУДИНОВ "Манас" радиосунда конокто болду.
«Байчечекей» журналы учурда логикалык татаал табышмактар, кроссворд, сканворд формаларына катылган оюн-дар, сырдуу жомоктор, тамашакөй, куудул-куунак ырлар алардын сабакты өздөштүрүүсүнө, интеллектуалдык жетилүүсүнө көбүрөөк жардамчы. Сүрөт, музыка искусствосуна байланышкан оюн-викториналарыбыздын да бөбөктүн эстетикалык табитин калыптандыруудагы мааниси да чоң.