Коммуникация факультетинин студенттери фильм фестивалында финалга чыгышты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Коммуникация факультетинин студенттери фильм фестивалында финалга чыгышты

Коммуникация факультетинин студенттери Россияда өткөрүлгөн фильм фестивалында финалга чыгышты.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин радио-ТВ жана кино искусство бөлүмүнүн студенттери Илгиз Шернияз Турсунбек уулу, Рахат Жолдошбекова, Арстанбек Дукуев жана Медер Кеңешов «Ааламга жарык» аттуу VII эл аралык фильм фестивалына «Мергенчи» аттуу документалдык тасмасын жиберишип, финалга чыгышты.

Фестивал 19-24 май күндөрү Россиянын Ярослав аймагында өткөрүлөт. Ага 18-35 жаштагы жаш режиссерлор жана балдар анимация жана документалдык тасмалары менен 24 өлкөдөн жана Россиянын бардык аймактарынан катталышкан. Фестивалда 2 категорияда баалоо жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, фестивалдын алкагында кызыктуу тасмалар көрсөтүлүп, ар кандай темаларда дебаттар жана семинарлар уюштурулуп, башка шаарларга экскурциялар өткөрүлүүдө.

Коммуникация факультетинин студенттери фильм фестивалында финалга чыгышты Коммуникация факультетинин студенттери фильм фестивалында финалга чыгышты

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться