"Жүрөктөн жүрөккө" аталыштагы кайрымдуулук концертинен түшкөн каражат балдар үйлөрүнө жумшалат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Жүрөктөн жүрөккө" аталыштагы кайрымдуулук концертинен түшкөн каражат балдар үйлөрүнө жумшалат

 Ч. Айтматов атындагы орус драм театрында  "Жүрөктөн жүрөккө" аталыштагы кайрымдуулук концертин "Бир дем" коомдук фонду уюштуруп, жардамга муктаж балдар үйлөрүнө каражат топтолду.



 Бул кайрымдуулук концертти "Бир дем" коомдук фонду уюштурду. Концерттен түшкөн каражат Нарын жана Талас облустарындагы балдар үйүндөгү балдардын биринчи муктаждыктагы керек болгон нерселерин алуу үчүн чогултулду. "Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө, интернат, мектеп, реабилитациялоо  борборлоруна барып келүүнү пландаганбыз, былтыр Баткен,Ош, Жалал-Абад шаарларын кыдырып келгенбиз, эми Нарын жана Таласка барганы турабыз. Ал жердеги балдар үйлөрү көбүнчө канцелярдык товар,тазалоочу каражаттарга муктаждыктары бар . Биз демөөрчү издебейбиз, болгону кайрымдуулук иш чараларын өткөрүп каражат топтоп балдарга барабыз"-дейт концерттин уюштуруучусу Береке Дооранова.

 

Саткынай Алымбаева


Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться