Кастомону университетинин ректору “Манас” университетинде конокто болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кастомону университетинин ректору “Манас” университетинде конокто болду

Кастомону университетинин ректору Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде конокто болду.



Үстүбүздөгү жылдын 20-21-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде III эл аралык Түрк дүйнөсү туризм симпозиуму өткөрүлдү. Аталган симпозиумду уюштуруган университеттерден бири Кастамону университетинин ректору, профессор Сейит Айдын, Түрк кеңеши Түрк университеттeр ассоциациясынын төрагасы жана КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы менен жолугушту. Жолугушууда Сейит Айдын “Манас” университети тууралуу жакшы билишерин, университеттин жараткан ийгиликтери аларды кубантарын белгилеп өттү. Андан соң КТМУ жана Кастомону университети, бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер жана келечек пландар тууралуу маселелерден кеп козгошуп, ассоциацияга мүчө болгон университеттердин бири-бирине көмөктөшүүсү, Түрк дүйнөсү жогорку билим берүү тармагын өнүктүрүү жана студенттер, окутуучулар арасында алмашуу программаларынын ишке ашырылуусу тууралуу сүйлөшүштү. 

Кастомону университетинин ректору “Манас” университетинде конокто болду Кастомону университетинин ректору “Манас” университетинде конокто болду

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться