Бир адам-бир көчөт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бир адам-бир көчөт

15-апрелде Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинде «Бир адам-бир көчөт» аттуу көчөт отургузуу саамалыгы болуп өттү



15-апрелде Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинде  ректордун, проректордун, университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн, Студенттик кеңештин, клубтардын жана студенттердин катышуусунда «Бир адам-бир көчөт» аттуу көчөт отургузуу саамалыгы болуп өттү.

Бул иш-чара Бүтүрүүчүлөр Ассоцациясы жана Студенттик кеңеш тарабынан уюштурулган. Мындан сырткары университетибиздин эң алгачкы бакчасына алгачкы көчөттөрдү отругузуу ишине Агро Прогресс клубу да активдүү катышкан.

100 клен жана 100 кара жыгач көчөтүн отургузууга 250 дөн ашык адам чогулуп, көчөт отургузуу иши кызуу өттү. куттуктоо сөзүндө университеттин ректору профессор,доктор Себахаттин Балжы: « Бак отургузуу сооптуу иш. Бир гана адама баласы үчүн эмес, ошо эле учурда курт-кумурска, жан-жаныбарларга да пайдалуу»-деп баса белгилесе, университеттин биринчи проректору профессор доктор Асылбек Кулмырзаев: «Ар бирибиз үчүн бул күн өтө маанилүү, анткени баарыбыз университетибиздин жашылдануусуна өз салымыбызды кошуп жатабыз»-деди.

10:00 дө башталган иш-чара 13:00 го чейин уланды.Эскерте кетсек, бул иш-чараны Бүтүрүүчүлөр Асоцациясы жана Студенттик Кеңеш өзү каржылаган.

Жазган: Эржан Байкулов

Бир адам-бир көчөт Бир адам-бир көчөт Бир адам-бир көчөт Бир адам-бир көчөт Бир адам-бир көчөт Бир адам-бир көчөт Бир адам-бир көчөт

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться