Билим берүү жаатында ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап чыгуу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Билим берүү жаатында ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап чыгуу

Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларын кайрадан карап чыгуу процесси КТМУда ишке ашырылат.



Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 31-мартында чыккан “Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларын кайрадан карап чыгуу иштерин жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндө” буйругунун негизинде 2017-жылдын 11-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Бишкек шаарындагы 10 университеттин окутуучуларынан турган иш тобу түзүлүп, аталган буйрукта белгиленген ченемдик укуктардын үстүндө иш алып бара башташты. Иштөө тартиби, буйрукта белгиленген:орто, жогорку, кошумча жана университеттен кийинки билим алууга байланышкан документтер, жогорку окуу жайларында мамлекеттик аттестация, студенттердин башка бөлүмгө которулуу, окуудан чыгуу жана кайрадан окуу тартиби тууралуу жоболорунун алкагында түзүлдү.
Иштөө тобунун биринчи күнкү жыйынына “Манас” университетинен ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев катышты. Ачылыш сөзүндө Себахаттин Балжы, билим берүү жаатында КТМУ эл аралык стандарттарга таянган Болонья системасынын негизинде иш алып бараарын, бул багытта ийгиликтүү жыйынтыктарга жетишип жатканын эске салып, иштөө процессинде “Манас” университетинин тажрыйбаларынан да пайдаланылса жакшы болоорун белгиледи.
Иш процесси 21-22-апрель күндөрү “Манас” университетинде улантылып, жыйынтыгы апрель айынын аягында КР Билим берүү жана илим министрлигине билдирилет.
Аталган буйрукту жүзөгө ашыруу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинен, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славьян университетинен, И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен, Бишкек гуманитардык университетинен, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, Кыргызстан эл аралык университетинен, К. Скрябина атындагы Кыргыз агрардык университетинен жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен болуп, жалпы 23 адамдан турган топ түзүлдү.


Загрузка плеера...


Билим берүү жаатында ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап чыгуу Билим берүү жаатында ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап чыгуу Билим берүү жаатында ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап чыгуу

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться