Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү

Казакстандын борбор шаары Астанада Түрк кеңешине караштуу түрк университеттер ассоциациясынын  жыйыны болуп өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде Казакстандын борбору Астана шаарында жайгашкан Лев Николаевич Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде Түрк кеңешине караштуу түрк университеттер ассоциациясынын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга түрк кеңешинин башкы катчысы Өмер Кожаман менен ТҮРКУНИВдин төрагасы, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы жана окуу жайдын проректору, профессор Анвар Мокеев катышты.
Жыйындын жетектөө ишин алып барган ТҮРКУНИВДин төрагасы, ректор Себахаттин Балжы төмөнкүчө сүйлөдү: “Түрк университтер ассоциациясы 2014-жылы түрк кеңешине караштуу өзүнчө мекеме болуп түзүлгөн. Бул жылы университет аталган ассоциациянын мезгилдүү төрагалыгын аркалап жатат. Мунун алкагында мурунтан бери түзүлгөн келишимдердин негизинде ТҮРКУНИВге мүчө өлкөлөр арасында кызматташтыкты дагы да жакшыртуу аракеттерин кылып жатабыз. Бул процесстин максаты, Түрк дүйнөсүндөгү жогорку окуу жайларында билим берүү системаларынын бири-бирине айкашуусу, билим жана тажрыйбаны айкалыштыруу, дипломдордун жарактуулугун камсыздоо, студенттер жана окутуучулар арасында алмашуу программаларын жакшыртуу, сапаттуу системаларды түзүү, өмүр бою үйрөнүү принциптерин иштетүү жана жаштардын активдүүлүгүн арттыруу болуп эсептелет. Бул жагынан алып караганда процесс жаңы гана башталган болуп эсептелет. Анткени дагы кадам жасоого эки негиз бар, биринчиси, эл аралык байланыш бөлүмүндө ТҮРКУНИВдин карамагында студенттер жана окутуучулар арасында пландалган программанын ишке ашырылышы. Бул планды ишке ашыруу үчүн, ассоциацияга мүчө болгон 4 мамлекеттин ар бирине барып, өзүнчө сүйлөшүүлөр жүргүздүк. Бул максатта алгачкы жыйын Кыргызстанда өткөрүлдү. Андан кийин Азербайжанда болду. Кийинки жыйын 4-апрелде Казакстандын Астана шаарындагы Лев Никола́евич Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде болуп, аталган план боюнча сүйлөшүүлөр болду”,-деди.
Белгилей кетсек, ТҮРКУНИВдин кийинки жыйыны 2017-жылдын 6-апрелинде КТМУда өткөрүлөт.

Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться