Кана эмесе, чоң энелер таймашы болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кана эмесе, чоң энелер таймашы болуп өттү

Кечээ, 30-Март күнү Бишкек шаарындагы “Сейтек” балдар борборунда “Кана эмесе чоң энелер!” аталыштагы таймаш өткөрүлүп,сынакка Ыссык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан келген беш команда катышты.



Бишкек шаарындагы “Сейтек” балдар борборунда “Кана эмесе чоң энелер!” аталыштагы таймаш өткөрүлүп,сынакка Ыссык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан келген беш команда катышты. Апалар саламдашуу, ыр, бий, улуттук жана заманбап стилиндеги мода көрсөтүү жана  тапкычтык боюнча күч сынашып өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ырчы, алып баруучу,журналист, фотограф жана көз карандысыз эксперттен турган калыстар тобунун чечими менен:

1-орунду,  Бишкек шаарынын командасы;

2-орунду, Ысык-Көл облусунун командасы;

3-орунду, Баткен облусунун командасы;

4-орунду, Чүй облусунун командасы;

5-орунду, Жалал-абад облусунун командасы;

Катышуучулар баалуу белектер жана диплом менен сыйланды.

Иш чара “Кыргызстанда кадырлуу каарылык” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Саткынай Алымбаева

Айзада Кудайбергенова

Кана эмесе, чоң энелер таймашы болуп өттү Кана эмесе, чоң энелер таймашы болуп өттү Кана эмесе, чоң энелер таймашы болуп өттү

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться