Коммуникация факультетинде Голливуд тасмалары тууралуу семинар өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Коммуникация факультетинде Голливуд тасмалары тууралуу семинар өттү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Голливудду түшүнүп-билүү: Башкалаштыруу процесси катары Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи жана тасмалар” аттуу семинар өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин ага окутуучулары доцент Юсуф Юрдигүл жана Артыкпай Сүйүндүков “Голливудду түшүнүп-билүү: Башкалаштыруу процесси катары Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи жана тасмалар” аттуу семинар өткөрүштү. Семинарда Голливуддун жаралуу тарыхы, Оскар сыйлыгын тапшыруу аземдери тууралуу маалымат берилип, кино тармагында башкалаштыруу процессинде Голливуддун таасири канчалык деңгээлде экенине басым жасалды. Бул тууралуу маалымат берген Юсуф Юрдигүл, Голливуддун глобалдуу индустрия тармагына айланганын, ушундан улам тасмалар керектөөчүнүн муктаждыгын канааттандырууну гана көздөп калганын, бул тасмалар аркылуу өзгөчө, адамдардын кабыл алуусун өзгөртүү менен бирге аң-сезимди башка тарапка оңой эле бура алышарын тасма мисалдарынын негизинде айтып берди. Башкалаштыруу процессине салымы бар тасмалардын көбү же баардыгы Оскар сыйлыгын алаарын айтып, ал тасмалардын ичинен расалык бөлүнүүгө жол ачкан темаларды колго алгандары да болоорун белгиледи. Агайдын пикирине таянсак, буларды алдын алуу үчүн көрүүчү тасмадагы майда бөлүктөргө чейин абдан көңүл буруп, режиссердун тасма аркылуу эмне дегиси келип жатканын туура баамдоосу керек. Ал эми буга жетишүү үчүн факультеттеги коммуникация тармагына тиешелүү сабактарды мыкты өздөштүрүү керектигин Юсуф Юрдигүл белгилеп өттү.
Мындан сырткары семинарда киноматография тармагы жана тасмада окуяны чагылдыруу методдоруна басым жасаган Артыкпай Сүйүндүков, студенттер кино тартуу процессин жакшы өздөштүрүүлөрү керектигин белгиледи. Агайдын айтуусу боюнча, Голливуд тасмаларынын таасирин мыкты режиссер, мыкты монтажер жана жумушуну мыкты билген адис гана баамдай алат жана маданий баалуулуктарды чагылдырган мыкты тасмаларды жарата алат.

 Ал эми Кыргызстанда тартылган тасмалар тууралуу кеп салган Сүйүндүков, КТМУнун бүтүрүүчүлөрү бир топ ийгиликтүү тасмалар жаратышканын айтып, келечекте Кыргызстандын кино тармагында азыркы жаш режиссердордун доору өкүм сүрөрүн белгиледи.
Семинарда агайлар катышуучулардын суроолоруна жооп беришкенден кийин "Голливуд" аталышындагы тасма көрсөтүлдү.

Коммуникация факультетинде Голливуд тасмалары тууралуу семинар өттү Коммуникация факультетинде Голливуд тасмалары тууралуу семинар өттү Коммуникация факультетинде Голливуд тасмалары тууралуу семинар өттү Коммуникация факультетинде Голливуд тасмалары тууралуу семинар өттү

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться