Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу

Кызыл армиянын куруучусу, Генерал-майор Михаил Васильевич Фрунзенин төрөлүп-өскөн үйү Бишкектеги музейде сакталуу



Стамбул шаарынын Таксим аянтында жайгашкан Республикалык эстеликтердин арасында генерал-майор Михаил Васильевич Фрунзенини айкели орун алган. Анын азыр туулуп-өскөн үйү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы музейде сакталып турат.
Советтер союзу учурунда кызыл атчандар армиясынын түзүүчүсү Фрунзе 11 жашына чейин аталган камыштан жабылган кирпич үйдө чоңойгон. Азыр үй Жогорку Кеңештин имаратынын жанындагы Михаил Васильевич Фрунзе атындагы мамлекеттик музейде сакталуу.
Фрунзенини атасы Түркстан облусуна караштуу Пишпек шаарынын шаардык ооруканасында башкы дарыгер болуп эмгектенип турган учурунда салынган там, ашкана, зал жана уктоочу бөлмөлөрдөн турат.
Үйдүн сыртында “Бул үйдө Владимир Ильич Лениндин окуучусу, Коммунисттик партиянын мүчөсү жана Советтер союзунун мамлекеттик ишмери Михаил Васильевия Фрунзе 1885-жылдын 2-февралында жарык дүйнөгө келди”, деген тактайчада жазуу илинип турат.
Үйдүн кире беришинде Фрунзенин атасынын аңчылыкка колдонгон буюмдары, медицинага тиешелүү китептер, иш униформасы жана биринчи жардам көрсөтүүдө керек болгон буюмдар салынган сумкасы көзгө урунат. Фрунзенини бөлмөсүндө болсо, ат оюнчугу жана бешиги жайгаштырылган. Ашканадагы стол, залдагы мебелдер жана колго жасалган туш килем, иш бөлмөдөгү стол жана отургуч музейге келгендерге 20-кылымдын атмосферасын тартуулайт.
Үй 50 жылдан бери бул музейде
Музейде иштеген Гүлира Нурбаеванын Анадолу агенттигинин кабарчысына берген маалыматына таянсак, бул үйдүн музейге алынып келингенине 50 жылдын жүзү болот. Фрунзенини Молдова улутундагы атасы Василий бул үйдү Түркстанда аскердик кызматын өтөп жатып таанышкан жубайы Мария Бочкарёва менен үйлөнгөндон кийин өзү иштеген дарыкананын жанына салган. Азыр болсо ал үй, Фрунзенини кичинекейинде колдонгон буюмдары, тамак жеген табагы жана аш кашыгы, чоң меш, залдагы жана ашканадагы баардык буюмдар күнү бүгункүдөй сакталып турат.
Бишкек шаары 65 жыл Фрунзенини атын алып жүрдү
Нурбаева, Советтер союзунун маалында Пишпек шаары 1926-жылы 5-апрелде Михаил Васильевич Фрунзенин урматына Фрунзе шаары деп коюлганын айтып өттү. Андан киийн 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүн алганда Фрунзе шаары Бишкек деп өзгөртүлгөн.
“Фрунзе өкүнүчтүүсү болгону 40 жыл өмүр сүргөн. Андан көп жашаганда мындан да көп нерселерди кылар эле”,-деген өкүнүчүн билдирген Г. Нурбаева кыргыз саятсатында маанилүү орду бар Фрунзе менен кыргызстандыктар сыймыктанарын белгилеп өттү.
Фрунзенин өмүр баяны
Кызыл армиянын түзүүчүсү Михаил Васильевич Фрунзе, 1885-жылдын 2-февралында Россия империясына караштуу Түркстан облусунда кызматкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 5 туугандын бири Фрунзе мектепти Түркстанда бүтүргөн. Кыргыз-казактардын жашоо-шартын мыкты өздөштүргөн Фрунзе жогорку билимин Россиянын Петербург шаарында уланткан. Оратордык жана уюштуруучулук жөндөмү менен алдыга чыккан, аскердик андан саясий ийгиликтери менен айырмаланган Фрунзе, 1920-1924-жылдары Советтик Украинанын армиясына жетекчилик кылган. 1925-жылдын 31-октябрында ашказанына операция жасоо учурунда бул дүйнө менен кош айтышкан Михаил Васильевич Фрунзе Россиянын Кызыл аянтында жерге берилген.
Өлкө жетекчилигинде маанилүү орду бар Михаил Васильевич Фрунзе 1921-жылдын 13-декабрында элчи катары Түркиянын Анкара шаарына келип, Улуттук боштондук күрөшүн жетектеген Мустафа Кемаль Ататүрк менен таанышып, жакын мамиле түзгөн. Ал Түркиянын улуу улуттук парламентинде (ТБММ) сөз сүйлөгөн жана фронтторду кыдырып чыккан.
Фрунзе келип кеткенден кийин Түркия менен Советтер союзунун арасындагы кызматташуу ар тараптуу жакшыртылган. Михаил Васильевич Фрунзе дүйнөдөн өткөндөн кийин 1928-жылы Ататүрк тарабынан Таксим аянтында боштондук согушунда Түркияга жардам берген Советтер союзуна ыраазычылык катары Фрунзенин эстелиги орнотулган. Азыр эстелик Ататүрктүн эстелигинин аркасында турат.


Загрузка плеера...


Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу Генерал Фрунзенин үйү музейде сакталуу

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться