КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат

Бүгүн, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат.



Бүгүн, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат.

Олимпиаданын негизги максаты – өлкө аймагындагы таланттуу, шыктуу балдарды аныктоо.
Иш-чаранын ачылышына КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калыбаев катышып: «Олимпиада жаштарды билим жолуна багыттап, өлкөнү өнүктүрүүгө, алдыңкы технологияны жаратууга жол ачкан олутту иш-чара болуп эсептелет. Ал таланттуу жаштарды интеллектуалдык жактан калыптандырып, кесипке багыттоонун башкы бир ыкмасы. Интеллектуалдык сынактарга катышуунун өзү эле сыймык жана жоопкерчилик. Анткени окуучу өзүн гана эмес, окуган мектебин, билим берген мугалимдерин жана кичи мекенин жакшы жагынан көрсөтө алат. Силер өлкөбүздүн миңдеген окуучуларыбыздын арасынан тандалып алынган мыктылардын мыктысы болуп саналасыңар. Ар бириңер жеңишке татыктуусуңар. Олимпиаданын бул жыйынтыктоочу баскычында  жеңишке жетиш үчүн силер билимиңердин жогорку деңгээлин көргөзүп, жөндөмүңөрдү толук ачып беришиңер зарыл», - деп республикалык олимпиаданы уюштурууга зор салым көрсөтүп жаткан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилигине министрликтин атынан ыраазычылык билдирип, окуучуларга ийгиликтерди каалады.
Республикалык олимпиадага аймактык, Бишкек жана Ош шаардык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон 316 окуучу катышууда. Мектеп окуучулары эки күн бою 10 предмет, математика, информатика, физика, биология, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, география жана химия боюнча сынак тапшырышат. Олимпиаданын I туру теориялык-жазуу, ал эми II туру болсо, практикалык-оозеки түрдө өтмөкчү. Бул сынактын жыйынтыгы менен эл аралык олимпиадага катышчу окуучулар да аныкталат. Ал эми олимпиаданын жыйынтыктоо аземи 28-март күнү Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Жеңүүчүлөргө министрликтин дипломдору жана баалуу белектер ыйгарылат.
Аталган иш-чаранын ачык-айкын жана объективдүү өткөрүлүшүнө Кыргыз-Түрк «Манас» университети чоң көмөк көрсөттү, маселен, имарат жана заманбап жабдыктар менен камсыздалган лабораториялар колдонууга берилди. Ошондой эле олимпиаданын жүрүшүндө аудиторияларга видео көзөмөлдөр коюлуп, Медиа Манастын түз байланышы аркылуу окуучулардын ата-энелери сырттан онлайн-интернеттен көрүүгө да мүмкүнчүлүк алышты.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү уюмдарындагы өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгып, жөндөмүн өнүктүрүү жана кызыкчылыктарына колдоо көрсөтүү, окуучулардын атаандаштыкка жарамдуулугун жана өз ишин уюштуруу жөндөмүн өнүктүрүү, тийиштүү билим берүү жаатында окуучулар, мугалимдер, окутуучулар жана изилдөөчүлөр ортосундагы чыгармачыл карым-катышты өнүктүрүү максатында, окуу жыл сайын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, билим берүү уюмдары менен биргеликте республикалык олимпиада өткөрүп турат.

 

Первый проректор КТУ "Манас" Асылбек Кулмырзаев на Радио "Манас"

 


Загрузка плеера...


КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат КТМУда мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада өтүп жатат

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться