Улуу рухтун одасы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуу рухтун одасы

Адеп, ыйман жана маданият жылына карата, «Улуу рухтун одасы» аттуу китептин  бет ачаар аземи болот.



Адеп, ыйман жана маданият жылына карата Ч.Айтматов менен Д.Икеданын дил маектерин камтыган «Улуу рухтун одасы» аттуу китебинин бет ачаар аземи,  28-мартта 10:30да БГУнун башкы имаратынын отурум залында өтөт. Аталган китепти,  БГУнун ректору, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын бирикмесинин төрагасы, белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор А.И.Мусаев кыргыз тилине которгон. Китептин бет ачаар аземине Кыргыз Ресреспубликасындагы Жапон элчисинин кеңешчиси Харада Кадзуя, Сока университетинин эл аралык мамилелер боюнча департаментинин директорунун орун басары Мидзусима Хадзиме, Ч.Айтматовдун үй-бүлөсү, Кыргызстандык белгилүү адабиятчылар жана коомдук ишмерлер катышат. Ч.Айтматовдун бул мезгилге чейин ачыла элек философиялык ойлору, адамзат жашоосу, руханий дөөлөт жана рухий тазалык жөнүндө кеңири сөз болот.

Аталган китептин мазмунун түзгөн Ч.Айтматов менен Д.Икеданын өз ара маектешүүсүндө орун алган азыркы мезгилдеги дүйнө кабылдоо, ыйман, адеп жана маданий баалуулуктар аркылуу студенттердин көз караштарын калыптандыруу болуп саналат. Китеп кыргыз тилине алгач ирет которулуп жаткандыгына байланыштуу,  мындан кыргыз адабият таануу илиминде пайда болгон Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына тиешелүү бир катар жаңы ойлор камтылган.

Булак : БГУнун пресс – кызматы

              (0312) 53 – 02 - 96

Улуу  рухтун одасы Улуу  рухтун одасы Улуу  рухтун одасы

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться