Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Бүгүнкү программа улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып, анда “Саманчынын жолу” тасмасы тууралуу сөз кылабыз.



Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Бүгүнкү программа улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып, анда “Саманчынын жолу” тасмасы тууралуу сөз кылабыз.

Кайталангыс уулу инсан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде бир топ тасма тартылган.  Алардын бири согуштагы жоготуулар, кан какшаткан күйүт, ачарчылык, ошондой эле тынымсыз эмгектенүүнү сүрөттөгөн “Саманчынын жолу” тасмасы.

Тартуучу топ:

Режиссёру – Геннадий Базаров

Сценарийин жазгандар – Чыңгыз Айтматов, Игорь Таланкин

Оператору – Валерий Виленский

Композитор – Юрий Шеин

Сүрөтчү – Казбек Жусупов

Тартылган актерлор:

Бакен Кыдыкеева – Толгонай (башкы роль)

Раушан Сармурзина – Алиман

Насыр Китаев – Субанкул

Болот Бейшеналиев – Касым

Токтогул Какчекеев – Жайнак

Руслан Эшмамбетов – Майсалбек

Нуртай Борбиев – Ашыраалы

Советбек Джумадылов – Жекшенкул

Таттыбүбү Турсунбаева – Толгонайдын жаш кези

Тасманын дареги:

Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде 1966-жылы “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган. Тартуу иштери Кочкордо, Бишкекте жана  Казакстанда болгон.

Чоң экранга 1968-жылы 12-февралда Москва шаарында чыккан.

“Саманчынын жолу” тасмасы 24 жаштагы кино тартуу ишине али аралашып көрө элек Геннадий Базаровдун биринчи эмгеги. Чындыгында, бул кинону тартуу ВГИКти жаңыдан аяктап жаткан студенттин дипломдук ишине берилген тапшырма эле. Ошол кезде эле бүткүл Советтер Союзуна аты чыгып калган жазуучунун чыгармасына кино тартууну Чыңгыз Айтматов өзү сунуштаган. Ушунчалык жоопкерчиликтүү иш жаш режиссёр үчүн чоң сыймык болгону менен бирге коркунуч да алып келген.

Сюжетин эске салсак:

Чыгарманын түп нускасы сыяктуу эле фильмдин негизги окуялары катары Улуу Ата мекендик согуштун каардуу жылдары сүрөттөлөт.

Фильмдеги баяндоо адамдар ортосундагы кагылышуудан улам кичинекей Толгонайдын ата-энесинен айрылып калган күнүнөн башталат. Ошондогу чачын сербейткен кара кыз бой жеткенде суйкайган сулуу кыз болуп чыга келет. Иштеп ишке, күлүп күлкүгө тойбой турган жаш кыз келечекте өзүнүн түбөлүктүү жары боло турган адамы Субанкулга жолугат. Ошондогу Субанкул менен Толгонайдын тунук, таптаза сүйүүсүн эч ким булгай алмак эмес. Бир нече асыл үмүт, аруу тилектер менен баш кошкон эки жаш Касым, Майсалбек, Жайнак аттуу үч уулдуу болушат. Балдардын туну болгон Касым арзыганы Алиманга баш кошот. Бирок, экөөнүн жай турмушу согуш жылдарына туш келет. Ошентип, капыстан кол салган душмандардын огунан ата мекенин коргоо үчүн бир үйдөн бир эмес, төрт эркек тең кан майданга аттанат. Толгонай келини экөө ыйлап-сыктап кала беришет. Кайраттуу Толгонай мүңкүрөп отуруп калбастан, “согуштагы жигиттерге” деп айылдан буудай чогултуп согушка жиберип, талаада эгин айдап эркектин да жумушун аткарат. Ошондой күндөрдүн биринде Субанкул менен Касымдан бирдей кара кагаз келип, Толгонай да, Алиман да бир убакта жесир калышат. Курган эненин күйүтү ушуну менен гана токтоп калса гана?! Ал Майсалбегинен да, Жайнагынан да ажырайт. Медер тутуп жүргөн келини акыры төрөттөн каза болот. Ушунча күйүттү тарткан эне акыры өз небереси болбосо да Алимандын баласынын аман-эсен жанында жүргөнүнө тобо кылып кала берет.

Сиз көрбөгөн кадрлар:

Тасманын режиссеру Генадий Базаровдун айтымында, Толгонай Алиман менен Майсалбекти тоскону барган жерин тартууда Бакен Кыдыкееваны аз жерден поезд сүзүп кете жаздаган.

            Тасмада Алиман төрөөр алдында чаңырганы чыныгы чаңырык болсун деп Бишкектин төрөт үйлөрүнүн биринен чаңырыкты жаздырып келишкен.

            Кинодо Субанкул менен Касымдын өлгөнүн угузганда Толгонай менен Алимандын аябай ыйлаган жери бар. Ошол эпизодду он чакты жолу кайра-кайра тартышкан. Аягында кайра-кайра ыйлай албайм деп Алимандын ролун аткарган актриса туруп калганда, режиссер аны жаактан ары чаап, ашата сөгүп ыйлаткан.

Сыйлыктар:

Ошондогу Кыргыз Эл артисти Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образынан кийин СССРдин Эл артисти наамына татуу менен Бүткүл Союздук фестивалда “Аялзаттын образын эң мыкты жараткан” деген да наамга ээ болгон.

 

Даярдагандар: Гүлзира Кеңешова

                          Аят Бакаева

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться