Жаштар уюмдарынын биринчи жарманкеси болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаштар уюмдарынын биринчи жарманкеси болуп өттү

Бишкек Гуманитардык университетинде жаштар уюмдарынын биринчи жарманкеси болуп өттү.



14-ноябрда Бишкек Гуманитардык университетинде жаштар уюмдарынын биринчи жарманкеси болуп өттү.

 Иш-чара “Лидер жаштар”, “Манас ордосу” клубдары  жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулду. Ага университеттер, лицейлер жана уюмдардын өкүлдөрү катышып, студенттерге жана мектеп окуучуларына өздөрүнүн уюмдары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле төрт багытта, тагыраак айтканда бизнес, билим, маданият жана спорт багыттарында 40 минуталык мастер класстар өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында иш-чаранын максаты жаштардын ортосунда баарлашуу аянтчасын түзүү. 

Жарманкеде студенттик кеңешибиз  университетибизди таанытышты. Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева


Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться