Биздин сыймык » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Биздин сыймык

Айзирек Урматбекова өлкө башчысынын стипендиясы менен сыйланды.



Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында университетибиздин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Айзирек Урматбекова өлкө башчысынын стипендиясы менен сыйланды.

Сынак май айында башталып, ага жалпы 159 студент катышкан. Алардын ичинен 61 студент сыйлыкка татыктуу болуп, президенттин ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми сынакка 27 окуу жайдан 3-4-курстарда окуган студенттер катышкан.

Белгилей кетсек, Айзирек Урматбекова “Mevlana” алмашуу программасы аркылуу “Mersin” университетинде окуп келген. Ошондой эле “Прогрессивдүү, демилгелүү фондунун”, “ Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин 3-агымынын бүтүрүүчүсү, Түркиянын “TRT” каналында 1 ай практика өтүп келген.

 

Кабарчы: Адинай Курманова


Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться