“Беттин териси сууктан сакталууга тийиш” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Беттин териси сууктан сакталууга тийиш”



“Сулуу эмес айым болбойт, өзүнө кам көрбөгөн айым болот” деп айтылат. Ал эми сулуулукка аптаптуу ысык, ызгардуу суук аба ырайы дагы терс таасирин тийгизет. Ар бир нерсенин өз эрежеси болгон сыяктуу эле сулуулукка кам көрүүнүн дагы өзүнчө ыкмалары бар. Учурда күз мезгили болгонуна карабай, аба ырайы өз бийлигин жүргүзүп кыш мезгилиндей суук болуп турат. Бул мезгилде айымдар бетин сууктан сактоонун жана ага кам көрүүнүн эрежелерин билеби? Косметолог Айнура Сагынбаева айымдар үчүн кеңеш берет:
Суук аба ырайы беттин кан тамырларын ичкертип, кургатып жибергендиктен, кышында витаминдерди ичүү керек. Өзгөчө “Б” жана “С” витаминдерин ичүү пайдалуу. Ошондой эле жуунучу каражаттарды дагы этияттык менен колдонуп, жумасына 2 жолу гидрофилдик майлар менен тазалоо керек. Нымдандыруучу кремдерди колдонуу жайкысын күнүнө эки жолу сунушталса, кыш мезгилинде бир жолу жатаардын алдында колдонуу сунушталат. Анткени эртең менен бетке крем койсо анын курамындагы суу тоңуп калып, бетке терс таасирин тийгизет. Ошондой эле коргоочу кремдери колдонуу керек.
Сууктан бетти туура тазалоо жолдору: Кышкысын макияжды өчүрүүгө косметикалык сүтчө же каймак, термалдык суунун негизиндеги лосьон колдонуу керек. Ошондой эле ромашка менен череданын маңызын пайдалануу туура болот.
Кышында бетке маска керекпи?
Суукта бетке маска коюу эң туура тандоо, анткени бул учурда тери азыктандырууга абдан муктаж болот. Масканын курамында май, жумуртканын сарысы, быштак жана витаминдердин болуусу сунушталат.
Майлуу териге: Суукта майлуу терини быштактан жасалган маска менен коргоого болот. Ал үчүн 1 аш кашык майлуу эмес быштакка, 1 чай кашык майсыз кефир, 1 чай кашык каалаган мөмө-жемиштин ширесин кошуп аралаштырып маска жабуу сунушталат.
Кургак териге: Кургак терилерге нымдандыруучу маскалар туура келет. Айымдар үй шартында эле маскаларды коюп, беттин терисин сактай алат. Алсак, картошкага жумуртканын сарысын эзип салабыз андан соң каймакты кошобуз. Аны бетке, моюнга толук сүйкөп, 15-20 мүнөттөн соң жууп, масканы жумасына 2-3 жолу жасоо сунушталат.
Кышында териге кам көрүү үчүн кеңештер: Жылуу жайга киргенде дароо ысык жерге олтурбаш керек, өзгөчө ачык оттун жанына отуруу кооптуу. Анткени ал сууктан ансыз деле кургап калган терини ого бетер кургатат.
Сыртта жүргөндө моюн орогуч менен бетиңизди жаппаңыз. Анткени ал дем алгандан кийин нымды кармап калып, беттин терисин үшүккө урдурат.
Беттин терисин сууктан сактоо ар бир айымдын колунда. Болгону ага кам көрө билүү керек. 

                                                                                          Даярдаган:Адинай Курманова

 

“Беттин териси сууктан сакталууга тийиш” “Беттин териси сууктан сакталууга тийиш”
Пользователь с логином adinay не найден.

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться