Барыш Эрдем Кыргызстандын мейманкана иштетүү жана ресторан бизнеси жаатында кошкон салымы үчүн сыйлыкка татыды.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем Кыргызстанда мейманкана иштетүү жана ресторан бизнеси боюнча басылып чыккан маалыматтык-аналитикалык "Horeca" журналы тарабынан кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салым үчүн сыйлыкка татыды.
Сыйлык тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында болуп өттү.