КЕСИПТЕШТЕРИБИЗ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРГА ЭЭ БОЛУШТУ.
Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин 2016-жылдын 30-августундагы «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республиканын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыгы менен университетибиздин:
Көркөм өнөр факультетинин ага окутуучусу Орузбаев Керимкул Кайбылдаевичке – II даражадагы «Манас» ордени,
Проректору, т.и.д., профессор Мокеев Анварбекке – «Даӊк» медалы,
Көркөм өнөр факультетинин окутуучусу, доцент Сарлыков Рафаил Тагайбековичке - «Даӊк» медалы,
Түрк дүйнөсүнүн оркестринин башкы дирижеру Жумакунов Рысбек Дуйшенбаевичке - «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамы,
Коммуникация факультетинин окутуучусу Сүйүндүков Артыкпай Айталиевичке – «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамы ыйгарылды.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы жамааты аталган кесиптештерин жогорку даражадагы сыйлыктары жана наамдары менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы илимий жана чыгармачылык иштеринде албан-албан ийгилик, чын ден-соолук каалайт!