VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Россиянын салттуу күч сынашууларынын бири - «Сөөк сындыруу» боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
2–4-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда өткөн таймашка 7 мамлекеттен 27 спортчу катышты. Мелдеш эркектер арасында салмак категорияларына бөлүнбөстөн өткөрүлдү.
Жыйынтыгында:
1-орун — Оюндалай Тумэнхишиг (Монголия) — 100 миң сом;
2-орун — Гомбо Зурбаков (Россия) — 80 миң сом;
3-орун — Хамза Шубаев (Казакстан) — 60 миң сом.
Жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттар тапшырылды.
«Сөөк сындыруу» — Россия Федерациясынын улуттук мелдештеринин бири. Таймашта спортчулардын күчү сыналып, мелдеш салмак категориялары эске алынбастан өткөрүлөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына мындай салттуу спорт түрлөрүнүн киргизилиши ар түрдүү элдердин улуттук спорттук мурастарын дүйнөлүк аренада таанытууга өбөлгө түзүүдө.