Кыргыз балбандары пахлавани жана кореш боюнча күмүш медаль тагынды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз балбандары пахлавани жана кореш боюнча күмүш медаль тагынды

«Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында пахлавани жана кореш күрөшү боюнча мелдештер өттү.



Эл аралык таймаштарга ондогон өлкөлөрдөн келген балбандар катышты. Кореш күрөшүндө 100 килограммдан жогорку салмак категориясында 32 мамлекеттин спортчулары күч сынашты.

Жыйынтыгында Россиядан Радик Салахов биринчи орунду ээлесе, кыргызстандык Баяман Мыктыбеков күмүш медалга татыды. Үчүнчү орунду Ирандын өкүлү Мерсад Шахери алды.

Ал эми Иран күрөшү — пахлавани боюнча 90 килограммдан жогорку салмак категориясында 36 өлкөнүн балбандары күч сынашты.

Бул мелдеште Ирандан Жоозегани Мостафа Тагхани чемпион аталды. Кыргызстандын балбаны Сейтек Догдурбек уулу экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль алды. Үчүнчү орун Монголиядан Бат-Орших Батсууриге буюрду.

Ошентип, кыргызстандык эки балбан тең эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө мелдештин жыйынтыгына ылайык акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Кыргыз балбандары пахлавани жана кореш боюнча күмүш медаль тагынды Кыргыз балбандары пахлавани жана кореш боюнча күмүш медаль тагынды Кыргыз балбандары пахлавани жана кореш боюнча күмүш медаль тагынды Кыргыз балбандары пахлавани жана кореш боюнча күмүш медаль тагынды

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться