VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–5-сентябрь күндөрү Кырчын капчыгайындагы Спорт шаарчасында салбуурун боюнча мелдештер өттү.
Салттуу аңчылык жана жаа атуу өнөрлөрүн камтыган мелдештерге бир катар өлкөлөрдөн жүздөгөн спортчу катышты.
Бүркүт салууда кыргызстандык Түгөлбай Абдыкадыров, далба ойнотууда Бакыт Шамурат уулу жеңишке жетишти. Куш салуу боюнча Казакстандан Жалгасулы Серикболсун, тайган жарышта Өзбекстандан Равшанбек Курбанов биринчи орунду ээледи.
Кыргыз эрежеси боюнча жаа атууда эркектер арасында кыргызстандык Алмаз Жунусов, аялдар арасында казакстандык Асемгул Галымжанова чемпион болду. Түрк эрежеси боюнча эркектер арасында Алмаз Жунусов, аялдар арасында Аяш Кабдоллаева биринчи орунду алды.
Ат үстүндө жаа атуунун венгер стилинде эркектер арасында Франциядан Рафаэль Мале, аялдар арасында Венгриядан Ханна Декшеи жеңишке жетти.