ӨЗ (АЛДЫНЧА) ТЕРАПИЯНЫН КУРАЛЫ КАТАРЫНДА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ӨЗ (АЛДЫНЧА) ТЕРАПИЯНЫН КУРАЛЫ КАТАРЫНДА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК

Др. Салтанат Кыдыралиева /@kaplan.psychology

Өз (алдынча) терапия салттуу же расмий психотерапия түрү эмес, жана дипломдуу психотерапевттин жетекчилиги болбостон, адамдын өзүнө өзү колдонгон психологиялык таасир этүү ыкмасы болуп эсептелет. Терапиялык процесстин негизги бөлүгү болгон терапевт-кардар мамилеси өз (алдынча) терапияда жок болгону жана ал салттуу психотерапияга барабар болбосо да, профессионалдык психологиялык жардамды толуктоочу боло алат.

Заманбап жашоонун алып келген стресси, ылдам ыргагы жана туруктуу өзгөрүүлөр адамдардын психикалык ден соолугун жана жалпы бакыбаттуулугун бузууга алып келе турган көптөгөн кыйынчылыктарды жаратат. Бул учурда, өз (алдынча) терапия ыкмалары адамдардын эмоционалдык тең салмактуулугун калыбына келтирүү, психикалык ден соолугун сактоо жана жалпы жашоо сапатын жакшыртуу үчүн маанилүү роль ойнойт. Өз  алдынча терапия — бул профессионалдык терапевттин жетекчилигин талап кылбаган, адамдын өзүнө психологиялык колдоосу катары аныкталышы мүмкүн. Кол өнөрчүлүк жана кол өнөрчүлүк чыгармачылыгы, мындай өз терапия ыкмаларынын бири катары, психикалык жана эмоционалдык калыбына келтирүүдө натыйжалуу толуктоочулардын катарына кирет.

  1. Кол өнөрчүлүк жана кол өнөрчүлүктүн өз терапиядагы мааниси

Кол өнөрчүлүк — бул кол эмгектерин колдонуу менен жасалган чыгармачыл иш-аракеттер. Түймө түйүү, тигүү, чийүү, жыгач иштөө, сүрөт тартуу жана башка кол өнөрчүлүк иштери физикалык гана активдүүлүктөн тышкары, психикалык ден соолукту жакшыртууга багытталган маанилүү терапевтикалык куралдар болушу мүмкүн. Бул сыяктуу кол эмгектери, адамдарга белгилүү бир нерсеге көңүл буруп, психикалык жана эмоционалдык чыңалууларын азайтууга, ошондой эле өз чыгармачылыгын колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Бул процесс адамдардын ички дүйнөсүнө болгон аң-сезимди жогорулатууга, стрессти жеңүүгө жана психикалык эс алууга же сезимдерин тазалоого жардам бере алат.

  • Тери же чач жоктоо/жулуу бузулуусу (dermatillomania & trichotillomania) болгон адамдарда түймө түйүү, тигүү же өсүмдүктөргө кам көрүү сыяктуу иш-аракеттер түз таасирин көрсөтүп, терини же чачты жулуу каалоосун азайтууга жардам берет.
  • Тынчсыздануу бузулуусу (anxiety) менен жашаган адамдарда кайталанма кыймылдар жана көңүл бурууну талап кылган түймө түйүү же макраме (жоон жип же сым менен жасалган түйүндөр) иштери акыл-эсин тынчтандырууга жардам берет.
  • Чоподон буюм жасоо - кол менен формаларды түзүү, жер менен байланышты орнотуу адамдардын кайгысын азайтууга жардам берет.
  • Cүрөт тартуу - аң-сезимди жогорулатууга жана акыл-эсибизди бошотууга жардам берген чыгармачыл процесс.

  1. Чыгармачыл чөйрөнүн психикалык ден соолукка тийгизген таасири.

Чыгармачыл иш-аракеттер мээнин ар башка аймактарын активдештирип, ой жүгүртүүнүн процесстерин жандандырат. Кол өнөрчүлүк менен алектенүү, психикалык көңүл бурууну жана концентрацияны жогорулатууга жардам берет, ошондой эле тынчсыздануу жана депрессия сыяктуу руханий көйгөйлөр менен күрөшүүгө жардам бере алат. Кол өнөрчүлүк менен алектенген адамдар, кылып жаткан ишине болгон кызыгуусу жана бекемдиги аркылуу, өздөрүн жакшы сезүүгө жакын болушат. Мындан тышкары, чыгармачыл процесс же бир нерсени жаратуу адамга "агуу/агым" (flow) абалын жаратууга мүмкүнчүлүк берет; "Aгуу/агым" дегенибиз, адам кылып жаткан ишине бардык көңүлү менен алек болуп кирип кетет, ошентип убакыттын кантип өткөнүн сезбей калат. Мындай "агуу/агым" тажрыйбасы психикалык эс алуу жана жакшы болуу үчүн өтө пайдалуу.

  • Депрессия менен күрөшүү үчүн адамдын өзүн көрсөтүүсү жана чыгармачыл процесстен маани табышы маанилүү. Ошондуктан сүрөт тартуу эмоционалдык билдирүүлөрдү сыртка чыгаруунун жана адамдын ички дүйнөсүн чагылдыруунун таасирдүү жолу болуп саналат. Бир сүрөт жаратуу адамга эмоционалдык бошотууну камсыз кылат.
  • Тынчтык жана кайталанган кыймылдарды талап кылган тигүү жана сайма сайуу сыяктуу иш-чаралар депрессиянын белгилерин жеңилдетиши мүмкүн жана адамга ийгиликтүү болуу сезимин  берет.
  • Жыгач оймоо, чегинтүү сыяктуу конкреттүү бир нерсе жаратуу депрессивдүү ойлорду жеңилдетүүгө жана ийгилик сезимин жаратууга жардам берет.
  • Жалгыздыктан жапа чеккен жана социалдык тынчсыздануусу бар адамдар үчүн, икебана эс алуучу жана эмоционалдык билдирүүлөрдү сыртка чыгаруу куралы болo алат. Чөйрөдөгү бактар жана гүлдөр менен иштөө жалгыз жасалуучу иш катары эс алууга жардам берет. Мындан тышкары, бир нече киши менен жасалган икебана иш-чаралары социалдык өз ара аракеттенүү жана колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Социалдык тынчсыздануусу бар адамдар үчүн, икебана коопсуз чөйрөдө өзүн көрсөтүүнү үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

-уландысы бар-

ӨЗ (АЛДЫНЧА) ТЕРАПИЯНЫН КУРАЛЫ КАТАРЫНДА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК ӨЗ (АЛДЫНЧА) ТЕРАПИЯНЫН КУРАЛЫ КАТАРЫНДА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК ӨЗ (АЛДЫНЧА) ТЕРАПИЯНЫН КУРАЛЫ КАТАРЫНДА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК

Sharizat Ibraeva
Главные редакторы

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться