VIII Түрк кино жумалыгы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

VIII Түрк кино жумалыгы

“Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүнө Түрк кино жумалыгынын координатору Өнер Кылыч конок болду.



“Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүнө Түрк кино жумалыгынын координатору Өнер Кылыч конок болуп, буга чейинки, учурдагы, жана ошондой эле келечекте боло турган Түрк кино жумалыктары, тасмалардын маанилери, Түрк элдери арасында кино жаатында иштешүү тууралуу кеп кылды.

     Өнер Кылыч: “Сегиз жылдан бери, жыл сайын өткөрүлүп келген Түрк кино жумалыгы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлүп жатат. Ар өткөн сайын коомчулуктун кызыгуусу артууда, өнүгүүдө. Буга “Манас” университетинин салымы да чоң болду, бул нерсеге жаштардын кызыгуусу мени абдан кубандырды. Жыл сайын кемчиликтерибизди көрүп, аларды оңдоого аракет кылабыз, быйыл студенттердин экзамени учурунда келип алыптырбыз... Карантин учурунда адамдардын тасмаларга болгон кызыгуусу кыйла төмөндөгөн, бирок, азыркы учурда кайрадан тасмалар тарапка ооп жаткан учуру. Ошондуктан, учурдан пайдаланып, коңшулаш өлкөлөр тасмаларыбызды бири-бирибиздин өлкөлөрүбүзгө таанытуубуз керек. Бул киноиндустриянын экономикалык жана туризмдик жактан өнүүгүүсүнө чоң салымын кошот. 2025-жылдан тарта биздин тасмаларыбыз Казакстанда, казак элинин тасмалары бизде коюла баштайт. Кыргызстан менен да кино жаатында биргеликте иштешүү үчүн аракет кылып, министрлер аралык сүйлөшүүлөр болуп жатат. Жакынкы аралыкта, 2025-жылда эки өлкөнүн биргелешип тарткан тасмаларына күбө да болушубуз мүмкүн. Ар биринин ою биз үчүн өтө маанилүү, бул боюнча биздин “Жергиликтүү ой-пикир” деп аталган долбоорубуз бар. Эгерде кандайдыр бир жардам керек болсо, бизге кайрылсаңыздар колубуздан келишинче жардамыбызды аябайбыз. Түрк элдери негизи эле патриот келебиз. Ошондуктан көбүнчө Мекеге болгон сүйүү жөнүндөгү тасмаларга басым жасайбыз. Ар дайым Кыргызстанга келгенимде кеситештеримди Ата-Бейитке алып барам. Ал жакта биздин тынчтыгыбыз, келечегибиз үчүн жанын берген ата-бабаларыбызды эскерип, сый көрсөтүп туруубуз керек, кесиптешим айткандай: Күлүп эмес, сыйлап сүрөткө түшөлү...” – деп, маегин соңуна чыгарды.

       Эске сала кетсек, учурда Түрк кино жумалыгы, Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Азербайжан өлкөлөрүндө да өткөрүлүп жатат.

 

Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз.

 

 

Жазган: Айтумар Ибраимова


Загрузка плеера...


VIII Түрк кино жумалыгы VIII Түрк кино жумалыгы VIII Түрк кино жумалыгы

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться