Тарых жазган тамга » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Тарых жазган тамга

2024-жылдын 16-октябрь күнү “Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева конок болду



Негизги козголгон маселелер, кыргыз тилибиздин азыркы учурдагы абалы, мамлекеттик тил катары мамлекеттик иштерде колдонулбаганы, ушул абалда кетсе, кандай оор жагдайда калуу коркунучу болду.

      Сталин учурунан бери орус тили колдонулгандыгы үчүн, элибизге орус тилинде сүйлөгөндөрдүн деңгээли бийик, бийиктиктерге чыгат деген түшүнүк калыптанып калганбы? – деген суроого профессор: “Тилекке каршы, ооба, орус тили бизге сиңип калгандыктан, андай ойдо жүргөн адамдар да жок эмес,” – деп жооп берип, – “Тилибизди сактап, жаш муундарга жакшылап үйрөтпөсөк, тилибиз оор жагдайда калат... Тилибизде сүйлөгөнүбүз менен ал жетишсиз. Кыргыз тилине толугу менен өтүүгө кээ бир адистерибиз даяр эмес болуп жатат. Жакшы жагынан карасак, тилибизге кызыккандар да аз эмес. Сингармонизм закону, үндөшүүсү, айтылуусу менен эне тилибиз башка түрк тилдүү элдердин тилинен айырмаланып турат. Тилибиздин тоскоолдуктарга карабастан, ушул деңгээлге келишине айыл-жергесиндеги адамдар себепчи десек болот. Орус бийлиги учурунда айылдарда кыргыз тили сакталып, корголуп, колдонулган. Лексикабыз, интеграцияланган сөздөр жөнүндө кеп кылсак, сөздөрүбүздүн көбү эле араб, фарсы тилдеринен келген. Үндөшүү закону менен эле өзгөртүп колдонуп жүрөбүз. Аларды биз түрк тилдүү элдер менен биргелешип, өз тилибизге которуп колдонсок жакшы болмок. Өз тилибизди өзүбүз коргобосок, кор болот...” – деп өз сөзүн соңуна чыгарды.

 

Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз


Загрузка плеера...


Тарых жазган тамга Тарых жазган тамга

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться