Дерматилломанияга колдонулуучу негизги дарылоо ыкмасы — бул когнитивдик-бихевиоралдык психотерапия
Др. Салтанат Кыдыралиева
Терини сыйрууга байланышкан бузулуу же медициналык термин менен айтканда дерматилломания – бул адамдын терисинин органикалык токуусуна зыян келтирүүгө багытталган, терини тырмоо, сыйруу же сыгуу сыяктуу көзөмөлсүз иш-аракеттер жана белгилер менен коштолгон невротикалык абал. Бул бузулуу латын тилинде «дерматилломания» деп аталат жана байыркы грек тилинен алынган "тери", "тытуу" жана "калоо" деген үч сөздөн турат жана бузулуунун негизги белгиси болгон теринин ткандарына зыян келтирүү кыймылынын жана бул аракеттен келип чыккан жеңилдик/рахаттануу сезимин чагылдырат. Терини сыйрууга байланышкан бул бузулуу калктын болжол менен 1-2% ын түзөт бирок алардын 75% ы аялдар экени белгилүү.
Дерматилломаниянын себептери:
Тарбиялоо ыкмасы: Бала кезинен баштап ишенимсиздик, күнөө сезими жана өзүн-өзү төмөн баалоо сыяктуу көйгөйлөргө дуушар болгон адамдар, өзүнүн терисине зыян келтирип, өзүн жазалашы мүмкүн. Денесин же терисин оорутуу, терең эмоционалдык сезимдерден жана ойлордон алаксытуучу курал болушу мүмкүн.
Психиатриялык бузулуулар: Дерматилломания, обсессивдик-компульсивдик бузулуу (ОКБ) же дененин көрүнүшүнө байланышкан бузулуу сыяктуу абалдар менен көбүрөөк байланышта болот. Өзгөчө дененин сырткы көрүнүшүнө байланышкан бузулууда теринин көрүнүшүнө нааразычылык негизги себеп болушу мүмкүн.
Психологиялык өзгөчөлүктөр: Өтө күчтүү тынчсыздануу, шектенүү жана башкалардын көз караштарына ашыкча көз карандылык сыяктуу психологиялык өзгөчөлүктөрү бар адамдарда, эмоционалдык чыңалууну сыртка чыгара албаганда, өзүнө зыян келтирүү жүрүм-туруму өзүн-өзү "жеңилдетүү" ыкмасы болуп калышы мүмкүн.
Терини сыйрууга байланыштуу бузулуу эмоционалдык абалдан физикалык абалга алаксытуунун ыкмасы катары өнүгөт. Нервдик чыңалуу учурунда мээде тынчсыздануу, коркунуч, күнөө сезими жана башка терс тажрыйбаларды колдогон стимулдук борборлор пайда болот. Адам өзүнө сыйрык же жаракат сыяктуу залал бергенде, денесин физикалык оорутуудан улам мындан дагы күчтүү стимул пайда болот жана бул эмоционалдык ыңгайсыздыкты азайтышы күтүлөт. Психология жана психоанализ жактан караганда, териге болгон зыяндын эссиздиктикте кандайдыр бир өзүн өзү жазалоо катары кабыл алынышы божомол. Бул кыймыл-аракет күнөө сезимин жана кишинин өзүнө болгон нааразычылыгын азайтышы мүмкүн. Стресс абалдарында, контролду жоготуу сезими пайда болгондо, адамдын денеси кишинин өзүн көзөмөлдөй ала турган жалгыз нерсеси бойдон калат.
Дерматилломанияга чалдыккан кишилер адатта терисин тырмашат, сыгат же сыйрышат. Зыян, кишинин тырмактары менен жасалат жана өзүнө зыян келтирүү жүрүм-туруму көбүнчө "кризистик" учурларда пайда болот. Ар бир "кризис" убактылуу эмоционалдык жеңилдик менен аякташы мүмкүн. Обсессивдик жаракаттар, мисалы, безетки сыяктуу тери ооруларынын фонунда пайда болушу мүмкүн. Безеткилерди жана комедондорду сыгып чыгаруу - денени кабылдоо бузулуусу жана сырткы сулуулукка ашыкча маани берүү менен көп учурда чогуу кездешет. Жабыркагандар өздөрүнүн сырткы келбетин терисиндеги "жаралары" бузуп жатат деп ойлошот жана алардан арылууга аракет кылышат. Ар бир дерматилломания "кризиси" кармаган учурда, сырткы көрүнүш дагы да начарлайт, ошондуктан адам өзүнө карата жек көрүү сезимин өрчүтөт.
Бирок "терини тазалоо" эмоционалдык тең салмактуулукту сактоо үчүн зарыл болгон салттуу адатка айланат. Терини сыйрууга байланышкан бузулуу адатта өнөкөт түрдө өтөт жана белгилер күнүмдүк жашоодо стресстин болуп болбошуна жараша өзгөрүп турат. Көптөгөн бейтаптар жараланган жерлерин кийим же боёк менен жаап жашырууга аракет кылышат жана бул жүрүм-турумду көзөмөлдөй албагандыктан, уят жана ыңгайсыздык сезимине дуушар болушат. Дерматилломания тырмак же тырмак терисин тиштөө жана чач жулуу сыяктуу компульсивдик жүрүм-турумдар менен дагы бирге кездешет.
Дерматилломанияга колдонулуучу негизги дарылоо ыкмасы — бул когнитивдик-бихевиоралдык психотерапия. Бул ыкманын маңызы, бейтаптын өзүнө жана ден соолугуна байланыштуу кыйратуучу ой-пикирлерин оңдоочуларына алмаштыруу жана физикалык жана психикалык ден соолукту колдогон жүрүм-турум үлгүлөрүн түзүү болуп саналат. Бул ыкманын бир нечеcин айкалыштыруу менен бул бузулуунун белгилеринде туруктуу оң өзгөрүүлөргө жетишүүгө болот.