Түрк иденттүүлүгү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк иденттүүлүгү

"Тема" берүүсүндө Фатих Султан Мехмет университетинин окутуучусу, профессор Азми Өзжан менен “түрк иденттүүлүгү” боюнча маек курдук.



"Тема" берүүсүндө Фатих Султан Мехмет университетинин окутуучусу, профессор Азми Өзжан менен “түрк иденттүүлүгү” боюнча маек курдук.

     Негизги маселе болуп, өз тарыхыбызды унутуп бара жатканыбыз айтылды. Түрк элдери, биз, бир дарактын бутактары сыяктуу экенибизди, өз тарыхыбызды билип, аны бекемдеп, жашоодо жашатуубуз керектиги айтып өтүлдү. Түрк элдери бул жашоодо жакшылыкты таратуу үчүн жаралганыбызга ишенип, жашоодо аны пайдалануубуз керек. "Кут алчу билим" аттуу китептин да буга далил экени баса белгиленди.

     Профессор Азми Өзжан: "Тарыхыбызды биз билбесек, биз жазбасак, биздин ордубузга башка бирөө кылат. Биздин ордубузду да башка бирөөсү басат. Акыркы 100 жылда болуп өткөн эки дүйнөлүк согуштардын кесепетинен Түрк элдери ыдырап, жетим бала сыяктуу болуп калдык. Биздин ортобуздагы мамилени бекемдөө үчүн, азыркы жаштарыбызга арабыздагы мамиле отун өчүрбөстөн сактап кала турганчалык деңгээлде татыктуу билим берүү керек," - деп, өз оюн айткан.

     Сөз соңунда агайыбыз жаштарга: "Өз тажрыйбамдан айтайын, ар бириңер талыкпай эмгектенүү менен гана максатыңарга жете аласыңар. Билим алуудан эч качан баш тартпагыла. Өзүңөрдөн көп нерсени күткүлө. Бир гана тарыхты билүү менен токтолбостон, аны алган билимиңер менен айкалыштырып, дагы да бекемдөөңөр керек," - деп, өз насаатын айтты.


Загрузка плеера...


Түрк иденттүүлүгү

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться