Мектеп салууну үнөмдөгөндөр, келечекте түрмө салышат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мектеп салууну үнөмдөгөндөр, келечекте түрмө салышат

Жаңы күндун бүгүнкү мейманы, Балдарды корогоо борбордук коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери Таалай Жакыпов болду. 



Бүгүнкү талкуубуз, борбор калаабыздын тегерегинде жайгашкан, жаңы конуштардагы мектептин жоктугу тууралуу болду. “Баары карап турган  борбор калаабыздын айланасындагы жаңы конуштардагы балдар мектеп партасынан четте калгандай муну билим берүү министирлиги да мойнуна алат.”- деп сөзүн баштаган Таалай мырза,  “Бишкек шаарынын айланасында жайгашкан жаңы конуштардан барын эмес, бирөөнү гана айтайын, Свердлов районуна караган, Ак –Бата конушунда 1200 дөн  ашык  түтүн бар .  Ушул аймака 2002- жылы 198 балага эсептелген башталгыч класс ачылган. Элестеткиле эми азыр ошол жерде  4-5 смен менен миңден ашык бала окуйт. Андан соң ал жерге 9 –класска чейин мектеп кылышкан. Өзү 198 бала эсептелсе, ал жерден миңден ашык бала кандай шарт менен жана кандай билим алууга мүмкүн?”- деп сөзүн улады. “ Ал жердеги мугалимдер  да чарчайт да, анын жанында да башка конуштар бар ал жакта да адамдар жашашат, мисалы Ак-Жар жана башка, кээ бир конуштардын статусу да белгилүү эмес, ал жактарда мектеп жок. Мектеп куруу  жөнүндө бийлик , мэрияга кайрылганыбызда, макул азыр мүмкүнчүлүктөр чектелүү, каражат табылса жер берели деп сүйлөшүлгөн. Демөөрчү  таптык бирок, 2014 жылдан бери мектепке жер бөлдүрө албай жүрөбүз.”-дейп кейийт Таалай Жакыпов.  “Бизге участок бөлүшсө ал Аламүдүн районуна караган жер тилкеси болуп жана дагы башка бирөөнүн менчик жер тилкеси болуп чыкты. Ал менчик макул мен бул жерди берейин мага башка жер тилкесин ушул райондон бергиле десе ага башка жер тилкеси берилбей, бири-бирине эле түрткүлөшүп ушул маселе дагы деле чечилбей  жатат.”- деп сөзүн жыйынтыктады.  Мындай карап келсек, алдуу, акчалуу бирөөгө жер керек болсо, шаардагы  сейил бактарды кыркып кабат-кабат үй салганга да уруксат берилип калат. Убагында Германиянын биринчи канцлери, Отто фон Бисмарк(1815-1898), “Мектеп салууну үнөмдөгөндөр, келечекте түрмө салышат”-деп айтканын эстен чыгарбасак.(ŞB)


Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться