Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин куржунуна эки алтын жана бир күмүш медалдары кошулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин куржунуна эки алтын жана бир күмүш медалдары кошулду

"Жаңы күн" программасында Дельфи оюндарына катышып, байгелүү орундарды багындырып келген  Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин көркөм өнөр факультетинин студенттери жана көркөм өнөр факультетинин деканы,  КРнын эл артисти Анарбек Ибраев, КРнын эл артисти Калича Сейдалиева конокто болушту. 



Эфирдин  жүрүшүндө дельфи оюндары боюнча кененирээк маалымат берилди. Калича Сейдалиева: "Бул конкурс жаштарды тайманбастыкка үйрөтүп, келечекке дагы да кадамдарды таштаганга, көрөңгөсүн кеңейткенге чоң жардам берет", - деген оюн билдирүү менен бирге ушул өңдүү конкурстарды дагы да өткөрүш керектигин баса белгиледи.
 
Ал эми Анарбек Ибраев: "Биз ар дайым жаштарга туура жолду көрсөтүшүбүз керек. Илгери мындай болгон, азыр мындай деген сыяктуу эмес, заманга жараша баары өзгөрүлүп турат, ар бир замандын өзүнүн жаштары бар жана кандай гана багыт болбосун сөзсүз билим алыш керек", - деген кеңештери менен бөлүштү. 

Эскерте кетсек, Бишкекте алгачкы ирет уюштурулган дельфи оюндарында көркөм өнөр факультетинин музыкалык искусство бөлүмүнүн студенти Темирова Мейликан “Эстрадалык ырдоо” боюнча жана театралдык искусство бөлүмүнүн студенти Кундуз Камчыбек кызы “Көркөм окуу” боюнча алтын медалга татыктуу болушса, музыкалык искусство бөлүмүнүн студенти Абдирашитова Айзирек күмүш медалга ээ болгон.

Жазган: Назима Акишбекова


Загрузка плеера...


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин куржунуна эки алтын жана бир күмүш медалдары кошулду Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин куржунуна эки алтын жана бир күмүш медалдары кошулду Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин куржунуна эки алтын жана бир күмүш медалдары кошулду Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин куржунуна эки алтын жана бир күмүш медалдары кошулду Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин куржунуна эки алтын жана бир күмүш медалдары кошулду Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин куржунуна эки алтын жана бир күмүш медалдары кошулду

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться