Программада Мурза Гапаровдун чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрү тууралуу, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева ой бөлүштү
“Мурза Гапаров – кыргыз адабиятында өзгөчө стилде жазган жазуучу. Ал турмуштагы кайгылуу окуяларды чагылдырып жатканда да, жаркын образдарга, көрүнүштөргө басым жасайт. Ал чыгармачылыгында магиялык реализмдин белгилери байкалат. Жазуучу чыгармаларында диний-философиялык, нравалык темаларга кайрылып, метафоралык көркөм ой жүгүрткөнү менен өзгөчөлөнөт.”- деди Гүлзада Станалиева
Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз