“Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын жабылыш сабагы министр А.Жаманкуловдун катышуусу менен өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын жабылыш сабагы министр А.Жаманкуловдун катышуусу менен өттү



Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан жүргүзүлгѳн “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын биринчи бѳлүгү соңуна чыкты.

Иш-чаранын соңку коногу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов болду.

Министр “Кыргызстан - түрк дүйнөсүнүн туризм бейиши” деген темада лекция окуду. Сабактар КТМУнун "Медиа Манас" борбору тарабынан түз эфирде жүргүзүлдү. Ага 9 ѳлкѳдѳн 76 университеттен, жалпы 3500 студент катышты.

А.Жаманкулов өзүнүн баяндамасында Кыргызстанда туризм тармагы мамлекеттик артыкчылыктуу басым берилген тармак экенин баса белгилеп,Кыргызстандын Туристтик потенциалын эң негизги 3 багытта карасак болоорун, биринчиси, Кыргызстан асман тиреген тоолордун мекени”, экинчи артыкчылыктуу багыт - “Кыргызстан-Улуу Жибек Жолунун мекени”, ал эми үчүнчү эң маңыздуу багыт - "Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мекени" деп жалпылап ачып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер министрге өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, жооп ала алышты.

Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө аталган долбоорго катышкан 76 университеттин башчыларына ыраазычылык билдирип, долбоор мындан ары да кеңейтилип, жогорку деңгээлде өткөрүлө турганын айтты.

"Биздин долбоорго катышкан 9 өлкөнүн Президенттерине ыраазычылык билдиргим келет. Мындан тышкары, бул долбоорду ишке ашырууга эбегейсиз салым кошкон 76 университеттин ректоруна чексиз ыраазычылык билдирем. 

Бошону менен бирге Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Фахреттин Алтунга дагы көрсөткөн колдоосу үчүн рахмат айтабыз. Жакынкы убакта бул долбоорду дагы кеңейтип, сабактарга катышкан жаштарыбыз менен бетме-бет жолугушуу мүмкүнчүлүгүн түзөбүз", -деди ректор.

Ал эми КТМУнун Башкы катчысы, доцент Октай Өзгүл долбоор башталган күндөн бери ага катышкан университеттердин саны көбөйгөнүн, катышуучу өлкөлөрдүн маалымат каражаттарында долбоордун таанылышы жана маалымдуулугу артканын баса белгиледи.

Иш-чараны "Медиа Манас" борборунун мүдүрү Бүлент Намал алып барды.

Эске салсак, аталган долбоор 2021-жылдын 28-майында 71 университеттин ректорлорунун катышуусу менен "Биргелешкен кызматташтык" келишимин түзүү менен башталган. Иш-чаранын ачылыш аземи онлайн форматта өтүп, алгачкы лекция өткөн жылдын 15-октябрында университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев тарабынан өткөн.

Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсү тууралуу сабактар "Манас" университетинин окутуучулары тарабынан 14 жума бою өттү. "Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларына Косово Республикасынын Аймактык өнүгүү министри Фикрим Дамка жана Түрк тил коомунун президенти, профессор Гүрер Гүлсевин да катышты.

Долбоордун максаты - Түрк дүйнөсүнүн жарандарын бириктирүү, бирге иш алып баруу болуп саналат.

Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана Газиантеп окуу жайы тарабынан координацияланган долбоор 2021-2022-окуу жылынын жаз мезгилинде Түркиянын Амасия университетинин окутуучуларынын лекциялары менен уланмакчы.


Загрузка плеера...


“Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын жабылыш сабагы министр А.Жаманкуловдун катышуусу менен өттү “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын жабылыш сабагы министр А.Жаманкуловдун катышуусу менен өттү “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын жабылыш сабагы министр А.Жаманкуловдун катышуусу менен өттү “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын жабылыш сабагы министр А.Жаманкуловдун катышуусу менен өттү “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын жабылыш сабагы министр А.Жаманкуловдун катышуусу менен өттү “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын жабылыш сабагы министр А.Жаманкуловдун катышуусу менен өттү

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться