Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенттери ЮНЕСКО уюштурган конкурста өздөрүн татыктуу көрсөтө алышты.

Конкурста Темиржан уулу Тыныстандын, Милена Наринованын жана Ашыралы Нурбектин эмгектери 50 эң мыкты (тop-50) сүрөттүн катарына кирди. Кыргызстандын атынан көрсөтүлгөн бул сүрөттөр адегенде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы жайгашкан Парижде, андан кийин конкурска катышкан өлкөлөрдө көргөзмөгө коюлат. Ошондой эле бул сүрөттөр “Silk Roads” профессионалдык сүрөт каталогуна киргизилет жана ЮНЕСКО активдүү ишмердик жүргүзгөн өлкөлөргө жөнөтүлөт.

Конкурста орунга ээ болгон сүрөттөр коммуникация факультетинин илимий адиси Фахри Тархандын жетекчилиги астында "документалдык сүрөт" жана "фотоателье" номинацияларында катышкан.

Жыл сайын ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган “Youth Eyes On The Silk Roads” конкурсуна 100дөн ашык өлкөлөрдөн эки категорияда 10 миңден көп кадр менен фотографтар катышат. Конкурстун калыстар тобунун курамына National Geographic, Magnum фото агентствосу, Paris Match, Newsweek жана New York Times сыяктуу басма уюмдары менен иштешкен дүйнөгө белгилүү фотографтар Реза жана Жошкун Арал кирет.

Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги Коммуникация факультетинин ЮНЕСКО уюштурган конкурстагы ийгилиги

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться