Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты



Үстүбүздѳгү жылдын 14-ноябрында тарыхчы, чыгыш таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Анварбек Мокеевдин 70 жылдык юбилейине арналган «Кыргыз тарыхынын актуалдуу маселелери: өтмүшү, азыркысы жана келечеги» аттуу китептин бет ачарына багытталган илимий жыйын болуп ѳттү.

Жыйында профессор Анварбек Мокеевдин коомдук ишмердиги жана илимдеги орду, инсандык касиеттери ж.б. жөнүндө кеңири сөз болду.

Жыйындын ачылышында профессор Анварбек Мокеев эки шакиртинин демилгеси менен анын макалалар жыйнагынын басылып чыкканы тууралуу айтып, ыраазычылыгын билдирди. «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей элчиликти да аркалаган профессор Анварбек Мокеев өзүн окумуштуу катары эсептей тургандыгын жана алдыга койгон иш пландары кѳп экендигин билдирди.

Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы куттуктоо сѳзүндѳ профессор Анварбек Мокеевдин илимдеги орду жана кесибинин мыкты адиси экенине жогору баа берип, юбилярды 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр жана ишине ийгилик каалады.

 Ал эми университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев профессор Анвар Мокеевдин “Манас” университетине кошкон салымын жана ал кишиден кѳп нерсе үйрөнгөнүн айтып, 70 жылдык юбилейи менен кызуу куттуктады.

Андан кийин тарых илимдеринин доктору, профессор Жээнбек Алымбаев профессор Анварбек Мокеевдин илимдеги орду боюнча “Кыргызстан тарыхнаамасындагы т.и.д., профессор Анварбек Мокеевдин орду” деген аталышта баяндама жасады.

Ошондой эле т.и.д., КР УИАсынын Б.Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун директору профессор Абылабек Асанканов, т.и.к., Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы профессор Аскар Беделбаев, т.и.к., профессор К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университеттин чыгыштаануу факультетинин деканы Таласбек Машрапов, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын окутуучусу, т.и.д., профессор Айдарбек Көчкүнов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, т.и.к., доцент Муратбек Кожобеков, “Полис Азия” аналитикалык борбордун жетекчиси Эльмира Ногойбаева, Ыргал Момбекова жана башка  кесиптештери куттуктоо сөздөрүн айтышып, юбилярга чың ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик каалашты.


Загрузка плеера...


Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты Профессор А.Мокеевге арналган илимий макалалар жыйнагы чыкты

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться