Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Кыргыз – Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) “Жаш илимпоздордун l Эл аралык конгресси” болуп өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Кыргыз – Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) “Жаш илимпоздордун l Эл аралык конгресси” болуп өттү.

Конгрессти КТМУнун жетекчилиги,  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гумманитардык университети жана Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университеттери менен биргеликте уюштурушту.

Конгресстин ачылыш аземинде университеттердин ректорлору жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н. Эсенкулов башында болуп, элчиликтерден өкүлдөр, академиктер, студенттер жана журналисттер катышты. 

 Белгилей кетсек, аталган иш – чарага Түркиянын эл аралык кызматташтык жана координациялык агенттиги (ТИКА) демөөрчүлүк кылды. 

Эки өлкөнүн гимндери жаңыртылып башталган конгрессте чакан концерт да тартууланды. Конгрессти уюштуруу комитетинин төрагасы жана “Манас” университетинин Гуманитардык жана Табыгий Илимдер Институттарынын мүдүрү, профессор Хаяти Беширли, ачылыш сөзүндө, иш – чаранын өткөрүлүү максатына жана маанисине токтолуп өтүп, азыркы учурда илим жана маалымат эң чоң күчкө эгедер экенин белгилеп өттү.  .

КТМУ ректору, профессор Себахаттин Балжы ачылыш сөзүндө, бакалавр жана магистратура, PhD баскычтарынан түптөлгөн университеттеги билим берүү системасы негизги адам ресурстарынын өнүктүрүлүүсүнө негиз болоорун айтып, сапаттык билим берүү демек, алдыга койгон пландарды аткаруу экенин, илимпоз даражасына жеткендер талап кылынган сапатка ээ болушу керек экендигин белгиледи. Маалымат доорунда билимдин негизги күч экенин жана бөлүшкөн сайын адамзатка пайда алып келерин айтып: “ Кыргызстандын көптөгөн университеттеринде электрондук маалымат базасы жок экенин эске салып, мындай жагдай студенттердин дипломдук иштерин жазууда кыйынчылыктар туудураарын айтты. Андыктан бардык университеттер КТМУнун электрондук маалымат базасындай мумкунчүлүктөргө ээ болсо жакшы болоорун эскерте кетти. Себахаттин Балжынын айтымында, университеттер аралык орток маалымат базасын түзүүдө “Манас” университети жетекчилик кыла алат. Муну менен катар ректор, КТМУ бардык тажрыйбаларын жана мумкунчүлүктөрүн Кыргыз элинин кызматына сунарын баса белгилеп өтүп: “ Жаштар баарыбыздын балдарыбыз. Андыктан аларды жакшы тарбия берип, чоңойтуубуз керек” деп сөзүн жыйынтыктады.

Сөзүн баштоодон мурун КТМУнун билим берүү системасы жана мүмкунчүлуктөрү тууралуу маалымат берген “Манас” университетинин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, түзүлгөн бардык шарттар жаштардын мыкты билим алуусуна негизделгенин айтып,  университеттер арасында кызматташуу, сапаттын артуусуна көптөгөн пайдасы болоорун, бирок Кыргызстандагы университеттердиин бири-бири менен кызматтык алакалары начар экенин, араларындагы суз мамилени жибитип, бири-биринин артыкчылыктарынан колдонууга убакыт келгенин белгилеп өттү. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурмамат Эсенкулов, өлкөнүн өнүгүүсүндө адам ресурстары жакшы өбөлгө болорун эскертип: “Мамлекетибиздин келечек ээлери жаштар. Алар мыкты тарбиялануусу керек. Дүйнө тарыхында из салган, Баласагындай аталары бар улут катары дуйнөлүк илимге салым кошуубуз ылазым”, деди.

Конгресске катышкан университеттердин ректорлору билим берүүдө мол тажрыйбага ээ болушканы менен техникалык жабдыктары жетишсиз экенин белгилешип, бул багытта КТМУ менен кызматташуу аларга чоң пайда алып келеээрин айтып өтүшүп, Жаш илимпоздордун l эл аралык конгрессинин маани-маңызына токтолуп өтүштү.

ТИКА нын Бишкек шаарындагы өкүлү Эврен Рутбил, 1993-жылдан бери аталган агентик Кыргызстандык бир топ тармагына жардам берип келгенин, бул конгресске демөөрчүлүк кылышканын себеби билим берүү жаатына абдан маани бергендиктен, деп белгилеп өттү.

Жаш илимпоздордун l эл аралык конгрессин өткөрүү менен Кыргызстандагы магистратура жана докторантура программаларында илимий багыттагы жаңы кызматташууларды түзүү аркылуу илимий өндүрүштүн санын жана сапатын арттыруу пландалды.

 

Радио жана ТВ мүдүрлүгү,

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү Жаш илимпоздордун l эл аралык конгресси өткөрүлдү

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться