Окуу жайдын жетекчилери жаңы академиялык кызматкерлер менен жолугушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Окуу жайдын жетекчилери жаңы академиялык кызматкерлер менен жолугушту



Үстүбүздѳгү жылдын 13-сентябрында окуу жайдын  жетекчилери КТМУнун профессордук-окутуучулук составына жаңы келип кошулган окутуучулар менен жыйын өткөрдү. Жыйынга университеттин факультет декандары, жогорку мектептин мүдүрлөрү да катышты.

Бул жылы КТМУга Түркиянын 13 университетинен 6 профессор, 6 доцент жана 5 доктор келген.

Жыйын университеттин таанытуу жана «Көчмөндөр оюну» тасмасынын көрсөтүлүшү менен башталды. Андан кийин окуу жайдын академиялык жаатында күн сайын жаңы бир жетишкендик, жаңы бир ийгиликтер орун алып жатканын баса белгилеген ректор, профессор Себахаттин Балжы: «Арабызга жаңыдан келип кошулган окутуучулук курамга Кыргызстан, Түркия, Ислам дүйнөсү жана бүтүндөй Түрк дүйнөсүнүн ортосунда биримдикти, ынтымакты бекемдөөдө алтын көпүрө болгон Манас үй-бүлөсүнө «кош келиңиздер» демекчимин», - деп айтып келип,

“2010-жылдан берки статистика боюнча университетке ушул күнгө чейин 39-беренеге ылайык 63 университеттен 217 окутуучу келген. Сиздердин негизги милдетиңиздер жана кызматыңыздар билим берүү болсо дагы, баарыңыздар Түркия Республикасын таанытып жүрөсүздөр жана Түркиянын өкүлчүлүгү катары бааланасыздар. Муну эч качан эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Ошондуктан сиздерде, окуу жайыбыздын Кыргызстандагы башка окуу жайлар менен алакада болуусун камсыздоо милдети да бар. Бул жерге кокустан келип, биригип калган жерибиз жок. Биз улуу милдетти өтөө үчүн келдик. Баарыбыз биригип, эки өлкөнүн ынтымагын жана достугун бекемдөөгө салымыбызды кошолу. Урматтуу, агай-эжейлер, сиздер улуу кербенге келип кошулдуңуздар, андыктан ал кербендин жолун татыктуу улайсыздар деп ишенем”, -деди.

Жыйындын соңунда каалоо-тилектер айтылды.


Загрузка плеера...


Окуу жайдын жетекчилери жаңы академиялык кызматкерлер менен жолугушту Окуу жайдын жетекчилери жаңы академиялык кызматкерлер менен жолугушту Окуу жайдын жетекчилери жаңы академиялык кызматкерлер менен жолугушту Окуу жайдын жетекчилери жаңы академиялык кызматкерлер менен жолугушту

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться