«Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы

Manas Öğrencileri uygulamalı eğitimle profesyonel hayata hazırlanıyor.



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 5-сентябрь күнү Айыл чарба факультетинин деканаты тарабынан уюштурулган "Жүзүм жыйноо фестивалы" болуп өттү. Ага ректор, профессор Себахаттин Балжы, окутуучулар жана студенттер катышты.

Түшүм жыйноодон кийин окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы ѳз сѳзүндѳ университеттеги студенттерге изилдѳѳ катары жүргүзүлгөн анкетада билим берүү практика менен айкалышта болуусу талап кылынганын жана жүзүм жыйноо иш-чарасы ага эң жакшы мисал болгондугун айтты. « Айыл чарба факультетинде студенттер алган билимин иш жүзүндө колдонуп көрүү, көнүгүү, машыгуу иштери, тажрыйба алуу менен бекемдеп жатышат. Бүгүнкү саамалыктан кийин  жаштардын арасынан «Мен жүзүм өстүрө алам» дегендер чыгуусу шарт. Айыл чарбачылык, фермерлик да жакшы кесиптердин бири. Андыктан эмгек кылуу керек. Ушундай ийгиликке жетип жакшы жыйынтыктар менен түшүм беришин тилейм, салым кошкон ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем»,-деди.

Андан кийин айыл чарба факультетинин деканы, профессор Мустафа Паксой студенттер теория менен катар окуу-өндүрүштүк практикаларды жүргүзүп жаткандыгын, жогору түшүм бере турган өсүмдүктөрдү өстүрүп баштагандыгын жана Кыргызстанда биринчилерден болуп жогорку деңгээлде коргой турган техникаларды колдонуп жаткандыгын айтып берди.

Аталган факультетте студенттер сапаттуу билимге ээ болушу үчүн өндүрүштүк техникалык практикаларга муктаж. Факультеттин инфраструктурасы катары жемиштер аянты, жүзүм багы, кооздук үчүн өсүмдүктөр, күнөсканалар жана лабароториялар бар. 2017-жылы курулган жүзүм плантациясында Түркия, Украина, Түркменистан, Россия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандан алып келинген жүзүмдүн 35 түрү отургузулган.


Загрузка плеера...


«Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы «Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы «Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы «Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы «Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы «Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы «Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы «Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы «Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы «Манаста» жүзүм жыйноо фестивалы

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться