Туулган жерде Чанаккеле руху » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Туулган жерде Чанаккеле руху

Бишкек шаарындагы Ататүрк сейил багында жана Кыргыз – Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) Чанаккале жеңишинин 101 жылдыгы белгиленип, согушта курман болгондор эскерилди.



Бишкек шаарындагы Ататүрк сейил багында жана Кыргыз – Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) Чанаккале жеңишинин 101 жылдыгы белгиленип, согушта курман болгондор эскерилди.

 Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Чанаккале согушунда курман болгондорду эскерүү программасы түштөн мурун Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинде өткөрүлүп, андан соң Кыргыз – Түрк “Манас” университети тарабынан даярдалган “Чанаккале руху” аттуу иш-чара менен улантылды.

Бир мүнөттүк аза күтүү жана эки өлкөнүн гимнинин жаңыруусу менен башталган программа КТМУ Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп, ачылыш сөзүндө КТМУ ректору, профессор Себахаттин Балжы: “Бейиштин мекени болгон бул жерде ылайым чоочун аяк баспаса экен, азан үнү басылбаса экен, желбиреген желегибиз түшүрүлбөсө экен деп эртеңки күнү эмне болорун ойлобой согушка аттанган,  мекени жана улуту үчүн кан-жанын аябаган Түрк улуту тарыхка өчпөс из калтырды. Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрк айткандай, “Эс алуу үчүн сапар алгандар эч качан чарчабайт” деп, анын сыңары улуу маданияты бар Түрк дүйнөсү, кайрадан улуу маданият куруу максатында чарчоо билбей сапарын улантып келет. Бир бүтүндук ичинде “Манас” университетинде билим алып жаткан жаштар кура турган келечек, адамдык касиет жана дүйнө тынчтыгы үчүн түптөлгөн жаңы үмүтүбүздүн ишке ашарына жакындап калдык”, деген Себахаттин Балжы, “Түркиядагы террордук чабуулда курман болгон жарандардын, Чанаккаленин жана бардык шейиттердин жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун”, деп сөзүн жыйынтыктады.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, Чанаккале согушу көп өлкөнү бири-бирине жакындатканы, согуш болгон аймакты кыдыруу учурунда даана байкалганын белгилеп: “Баатырдык эпостун эпизоддоруна окшогон мындай согушту аңдап-түшүнүү үчүн  Гелиболу шаарына барып, ошол жерди, ошол абаны сезүүбүз керек. Баарыбызга белгилүү болгондой императордук күчтөр Чанаккаледен өтүп, Стамбул шаарын басып алып, ал аркылуу Орусия аймагын багындырууну көздөгөн. Бирок алардын бул тилегин таш каап, Чанаккалени ала албагандан кийин императордук күч жер менен жексен болду. Мунун натыйжасында бир топ өлкө эгемендүүлүккө ээ болду. Башкача айтканда, императордук күчтөр жашоосун Чанаккаледе токтотту”, деп белгилеп өттү. 

“Манас” университетинин проректору, профессор Анварбек Мокеев, Түрк дүйнөсү аталган өлкөлөрдүн тарыхы бири-бирине окшошуп гана тим болбостон эриш-аркак уланып келгенин белгилеп өттү. Бардык бир тууган өлкөлөрдүн тарыхында багынтылган ийгиликтер, көптөгөн кыйынчылыктардын натыйжасында ишке ашканын айкан профессор Мокеев, Түрк дүйнө элинин Ата-Журтуна, эл-жерине берилгендигин жана сүйүүсүн баса белгилеп өттү. 

Ачылыш сөзүнө кийин окуу жайыбыздын ага окутуучусу, профессор Фахри Үнан, “Чанаккале согушунан үйрөнө турган сабактар”; ТР Кыргызстандагы элчилигинден аскердик аташе кызматкери полковник Гөкхан Пекер “Чанаккеле согушундагы салгылашуу жана анын жыйынтыгы” деген темада презинтация кылышты.  

“Чанаккале согушу” аттуу программанын соңунда КТМУ Түрк дүйнөсү оркестринин коштоосунда студенттердин аткаруусу менен Чанаккале тууралуу ырлар  көркөм окулуп, чакан спектакль көрсөтулдү.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху Туулган жерде Чанаккеле руху

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться