Табият менен кенелер да ойгонот » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Табият менен кенелер да ойгонот

"Жаңы күн" программасына  Бишкек шаарынын № 3 оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Бекташ кызы Айзада конокто болду.



28.05.2019 күнү Манас радиосунун "Жаңы күн" программасына  Бишкек шаарынын № 3 оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Бекташ кызы Айзада конокто болду.  Ал кене энцефалити оорусу жөнүндө кенен маалымат берди.

 Энцефалит оорусу бул кене аркылуу адамга жугуучу вирус.  Кыргызстанда кене энцефалити оорусу менен ооругандар бар, бирок аз деп белгиледи. 

 Дарыгердин айтуусу боюнча денеңизден кене таап алсаңыз, алгач дарыгерге кайрылып, анализ тапшырырууну кеңеш берди. Кокус ооруканадан алыста болуп калсаңыз кенени пинцеб менен же жиб менен байлап акырын тартып алып, денеде кененин муруту же буттары калбаганын текшерүү керек деп айтты. 

  Эгерде денеңиз кызарып, шишип кетсе, 7 же 8 күн баш оору, кусуу болсо тез аранын ичинде ооруканага кайрылууну баса белгиледи. Бул учурда дарыгерлер 30 күн дене табын өлчөп, 10 сайын анализ алып турушат. 

  Дарыгер Бекташ кызы Айзада сөзүнүн аягында угармандарга энцефалит оорусун алдын алуу үчүн жаныбызда дебан, офекстрим, колорент сыяктуу препараттарды алып жүрүүнү сунуштады. 

Жазган: Ороскул кызы Клара

               Набиева Айбегим  

Табият менен кенелер да ойгонот

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться