Учактын сиз билбеген 10 тетиги » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Учактын сиз билбеген 10 тетиги

Учактын жүргүнчүлөр билбеген  жашыруун функциялары, өзгөчө тетиктери жана сырдуу баскычтары бар.



Бул тууралуу The Sun жарыялады.

 

 

 

Үн сигналы- бир системанын иштен чыккандыгын же бортто өрттүн башталганын инженерге кабар беруучү кызмат аткарып, байланышуу каражаты катары эсептелет. Бул сигнализация абага көтөрүлгөндө өчүрүлгөндүктөн лайнер жерде жүргөн мезгилде гана иштетилет. Поезддин добушундай үн таратат.

 

 

 

Чыканак алдындагы жашыруун баскыч. Отургучтун кол коюучу жери кыймылдабагандай көрүнгөнү менен көңүл буруп карай турган болсок “баскыч” табууга болот. Аны бассаңыз кол коюлчу жер көтөрүлүп отурганыңызда комфорттуу болсо, туруп бара жатканыңызда да бир топ ыңгайлуулукту тартуулайт.

 

 

 

Учактын салонундагы кара кичинекей үч бурчтуу наклейкага көзүңүз түшүп, эмне экенине кызыгып көрдүңүз беле?   Ал наклейка сиз отурган орундукта укмуштуудай канат жайгашканын билдирип, “Уильям Шетнердин орундугу” деп аталат. Мындай аталышынын себеби, бир фильмдеги актёр кара жана үч бурчтуу отургучта канаттагы гремлинаны көргөн. Бул кара үч бурчтук экипажга эң сонун образдагы иллюминаторду тезирээк табууга өбөлгө түзөт.

 

 

 

Кол кулпулар- эгер жүргүнчүлөр эрежеге баш ийбей жана өзүн агрессивдүү алып жүрсө учуу кызматкерлери анын колун кулпулоого акысы бар. Андан соң аны аэропорттун полициясына өткөрүп берет. Ал эми  бул кол кулпулардын өзгөчөлүгү стандарт кол кулпулардай металлдан эмес кабелдик стяжкадан турат.

 

 

 

Педалдар- абадагы лайнер бир гана баскыч жана рычагдар менен башкарылбастан эки педалдын жардамы менен да башкарылат. Ал төмөн жакта жайгашып, учкуч эки буту менен башкара алат. Ал эми аба суднасы эки тормоз педалга ээ.

 

 

 

Жашыруун жатактар- учуу кызматчылары өзүнүн кезегин башкага өткөрүп берген соң кайсыл жакта уктаарын баары эле таба албаса керек. Дальнемагистралдык учактардын көбүндө персоналдардын эс алуусу үчүн керебет коюлган бөлүмдөр бар. Ал жатакта температураны жана жарыкты көзөмөлдөп турууга болот.

 

 

 

Күл түшүргүчтөр.  Учакта чегүүгө тыюу салынгандыктан эмнеге күл түшүргүчтөр орнотулганына көпчүлүгү таң калышат. Бирок учактын эрежелерине ылайык тамекини өчүрүү үчүн жер болуусу керек.

 

 

 

Сары кайырмактар.  Учактын канаттарында кичинекей сары кайырмактар жайгашкан. Алар сууга түшүп калуу коркунучунда рудиментардык жардамчы катары колдонулат. Тактап айтканда жүргүнчүлөрдүн салондон канат аркылуу сыртка оңой чыгып кетүүсү үчүн шарт түзөт.

 

 

 

Иллюминатордук тешик- иллюминатордун терезесинде кичинекей тешик бар. Ал терезенин тышынан келип,  кан басымды азайтуу үчүн даярдалган. Лайнер дайыма кан басымдуу болуп тургандыктан кыйынчылыкты азайтуу үчүн коргоочу клапандарга муктаж.

 

 

 

Авариялык даараткана- өзгөчө кырдаалдар учурунда учуу кызматкерлери кичинекей баскычтын жардамы менен жабык дааратканаларга киргенин көрөсүз. Ал баскыч болгону “чегүүгө тыюу салынган” белгинин жанында жайгашкан.

 

Жазган: Эмилбекова Аяна.

 


Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться