Дайыма радио » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Дайыма радио

Мевлянанын мекенинде, “Дайыма радио”- урааны астында радио күндөрү өттү.



Түркияда радионун курулушунун 92 жылдык маарекесин утурлай, ТРТ салтка айланган радио күндөрү саамалыгын уюуштурду. Ага дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн  23 радио кызматкери катышты. 02-06 май күндөрү, Коня шаарынын “Кылыч Арслан” майданында атайын “Радио-айылы” курулду. “Радио-айылы” ичинде Түрк мамлекетинде, радионун алгачкы ачылышы жана тарыхы, жарандар менен болгон байланышы, 92 жыл мурун кандай эле, жана күнүбүздө кандай, мунун баардыгы экспонаттар менен көргөзүлгөн чакан музей, заманбап үн жаздыруу студиясына чейин каалоочуларга ачык болду. Каалаган жаран өзүнүн радио берүүсүн даярдаганга мүмкүнчүлүк ала алды.  Ошондой эле майданда кадимки студиялар курулуп 11 мамлекеттен келген радио кызматкери өз мекенине түз обо программаларын  чыгарып турууга шарт түзүлдү.

Аталган саамалыка Медиа Манастын кызматкерлери да катышышты. Радио күндөрүнүн ачылыш программасы, алгач Манас радиосунун обосунда жаңырды. Ачылыш программа кыргыз жана түрк тилдеринде болуп, Бүлент Намал жана Шаризат Ибраева алып барды. Эфирге ТРТ радио бөлүмүнүн башчысы Ахмет Акчакайа катышты. Ал өз сөзүндө радио ар дайым угармандардын жүрөгүндө өзгөчө орду болуп келгенин белгилеп, “Радио сыйкырдуу кутуча, көп замандашыбыз үчүн дүйнө менен байланышы болуп келет. Техалогиялар, өнүгүү жолунда радио өз актуалдуулугун жоготооруна ишене бербейм. Манас радиосу ТРТ жана мен үчүн орду башка. Кызматташтыгыбыз дайыма уланаарына ишенемин. ”- деди.

Белгилей кетсек, аталган саамалыкка эфиринде түрк тилинде программасы болгон радио кызматкерлери чакырылган. Аталган салтанатка ТРТ башчысы Ибрагим Эрен жана  Коня шаар башчысы катышты. Ошондой эле иш чара коцерттик программалар менен шөкөттөлүп турду. Ар улуттан келген журналистер тажырыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду баштоо  үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

 

Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио Дайыма радио

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться