«Манас» университетинин студенттери байгелерди багындырууну улантып келишүүдѳ. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Манас» университетинин студенттери байгелерди багындырууну улантып келишүүдѳ.



2019-жылдын 27-мартында “Бишкек-Парк” соода-оюн-зоок борборунда Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясы тарабынан Кесиптик-техникалык билим берүү агеттигинин колдоосу менен “Бишкек кулинардык фестивалы” уюштурулду.

Аталган иш-чарага Бишкектеги жогорку окуу жайларынан жана кесиптик орто билим берүү мекемелеринен 10дон ашык тайпалар катышышты. Фестиваль “Жылкы этинен даярдалаган тамак”, “Кой этинен даярдалган тамак”, “Балыктан даярдалган тамак”, “Заманбап түрдѳ кооздолгон ресторан тамагы” ж.б. номинацияларда ѳткѳрүлдү. 

Бул фестивалга университетибиздин “Ресторан иши жана кулинардык өнөр” бөлүмүнүн ага окутуучусу Сапаргүл Турдубекова жана бѳлүмдүн студенттери катышышты. Фестиваль жогорку атаандаштыкта ѳтүп, жыйынтыгында окуу жайыбыздын  “Ресторан иши жана кулинардык өнөр” бѳлүмүнүн 3-курсунун студенти Бактыбеков Жыргалбек 1-орунду, 4-курстун студенти Акылай Ашырбаева 3-орунду жана кара куту конкурсунда бөлүмдүн тайпасы командалык 2-орунду жеңип алышты.

«Манас» университетинин студенттери байгелерди багындырууну улантып келишүүдѳ. «Манас» университетинин студенттери байгелерди багындырууну улантып келишүүдѳ. «Манас» университетинин студенттери байгелерди багындырууну улантып келишүүдѳ. «Манас» университетинин студенттери байгелерди багындырууну улантып келишүүдѳ.

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться