Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун!

КТМУдаНоорузмайрамыөзгөчөшаңмененбелгиленди.



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Нооруз - 2019» майрамдык салтанаты 21-март күнү өзгөчө шаң менен өттү.

Майрамдык салтанатка Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги ѳкүлү Атынч Кескин, университеттин жетекчилери, КТМУнун жалпы жамааты, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Майрамдык куттуктоо сөзүндө окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы жаңырган жыл жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун жылы болсун деген тилегин билдирди: - «Түрк элинин улуу майрамы болгон Нооруз майрамы менен баарыңыздарды куттуктайм. Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган Нооруз майрамы босогобузда турат. Нооруз – бул жаңы күндүн башталышы, ал жаңы күн дайыма жашоого болгон асыл тилектер менен, келечекке болгон жаркын үмүттөр менен башталган. Нооруз берекенин, өз ара түшүнүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Ошондуктан бүгүн бири-бирибизди кечирип, жаман иштерди унутуп, тазаланып, жакшы жашоого умтулушубуз керек. Түрк дүйнөсүндө жана куттуу «Манас» университетибизде ар дайым биримдик, ынтымак болсун. Бул улуу күнү үйүңүзгө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, токчулук, молчулук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!».

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: - «Бүткүл түрк тилдүү элдерине ата-бабалардан мурас болуп калган улуу Нооруз майрамы кут болсун. Нооруз - аруулуктун,  жаңылануунун, тилек кылуу жана тазалыктын майрамы. Нооруздун келиши менен табият ойгонуп, түн менен күн теңешип, адамдарга жаңы дем жана үмүт берет. Ошондой эле Нооруз - биримдиктин майрамы, өлкөбүздүн көп улуттуу элин ынтымакка жана ыйманга чакырып, элдердин достугун даңазалайт. Бир жыл мурун да бул майрамды куттуу университетибизде жалпы жамаатыбыз менен жакшы тилектерди тилеп бирге тосконбуз. Албетте арабыздан туугандарыбыз, кесиптештерибиз өтүп кетти, ал инсандарды да ар дайым жакшы тилектер менен эстей жүрөбүз. Ушул кубанычтуу майрам үйүңүздөргө кут, ырыскы-береке, ак элечектүү апаларыбыз жана ак сакалдуу аталарыбызга кадыр-барк, жаштарыбызга ыйман жана бүтүндөй түрк дүйнөсүнө тынчтык алып келсин» - деген каалоо-тилегин айтты.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин көк майсан көтөрүп, бөбөктөр агайларга тартуу берди.

Андан соң Ноорузга арналган элдик ырлар, бийлер жана кыргыз элинин улуттук каада салтын камтыган майрамдык концерт кеченин көркүн ачты.

Соңунда коноктор майрамдык сүмөлөктөн даам сызышты.


Загрузка плеера...


Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун! Жаңылануунун жарчысы - Нооруз майрам кут болсун!

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться