Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жумалыгы» старт алды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жумалыгы» старт алды

Кыргызстанда 2016-жылдын 14-мартынан 22-мартына чейин өтүүчү «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» старт алды. Жумалыктын расмий ачылышы бүгүн Улуттук банкта пресс-конференцияда болду.  



Жакынкы жети күндүн ичинде «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын» алкагында бүт Кыргызстан боюнча, алыскы аймактар менен айылдарда да, окуучулар менен студенттер үчүн атайын окутуучу иш-чаралар, көчмө лекциялар, финансылык мекемелерге экскурсиялар жана ошондой эле коммерциялык банктарда, мамлекеттик мекемелерде ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, чеберлер классы, тренингдер, тегерек столдор, викторина, олимпиада, сынак жана башка ишчаралар уюштурулат. Жалпысынан 200гө жакын иш-чара уюуштурулат. Анын урааны «Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы» - «Катыш! Акчаны акылдуулук менен топто!» 

Бул компаниянын жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жетектейт. Уюуштуруучулардан турган демилгелүү топтун катарына Улуттук банк, Бишкек шаардык мэриянын Билим берүү башкармалыгы, Өнүктүрүү саясат институту, Кыргызстандын банктар союзу, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат, Жаштардын өнүгүү институту, Депозиттерди коргоо боюнча агенттик жана Эмгек, миграция, жаштар министрлиги кирет. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, пландалып жаткан ишчаралардын негизги максаты – жаш муундарга акчанын, финансылык институттардын, финансылык рыноктун иштешин, алар эмнени түшүндүрөрүн, кредит алат деген жана аманат жасоо деген түшүнүктөрдү чечмелеп берүү болуп саналат. Жумалыктын башкы максаты – жаш муундардын үнөмдөө маданиятын өнүктүрүп, келечекте тең салмактуу финансылык чечимдерди кабыл алууга өбөлгөтүзүү боюнча тийиштүү билим берүү болуп саналат.  

Кыргызстандагы банктар союзунун башчысы Анвар Абдраев пресс-конференциянын жүрүшүндө Кыргызстанда азыркы учурда карыз алуучулар жана кредиттерди тейлөө боюнча бир катар кыйынчылыктардын жаралып жаткандыгын билдирди. “Биз келечекте мындай көйгөйлөрдүн кайталанбашын каалайбыз. Ошондуктан “Дүйнөлүк акча жумалыгынын” жүрүшүндө биз өсүп келе жаткан муундарга финансылык ресурстарды туура бөлүштүрүү, акчаны жана өздүк киреше менен чыгашаны санай билүү, кредитти туура алуу тууралуу айтып беребиз. Мындай билимди өспүрүм жаштагы балдарга берүү зарыл”, - деп билдирди Анвар Абдраев. 

Өнүктүрүү саясат институтунун башкармасынын башчысы Надежда Добрецова, адамдын финансылык бакубаттуулугуна адам өзү гана жооптуу экендигин билдирди. “Биздин муундар советтик пландалган экономикада чоңойгондуктан, акча тууралуу сүйлөшүүгө көнгөн эмес. Биздин жарандар өз жашоосунда финансылык пландаштыруу менен алектенбейт. Жардылык биздин чөнтөктө эмес, башыбызда. Бул жөнөкөй чындыкты мектепте окутпайт. Биздин балдарды финансылык жоопкерчиликке окутушпайт. Бирок убакытөзгөрдү, бүгүнкү муун башкача. Финансылык сабатсыздык – бул биздин жашообуздагы терс көрүнүштөрдүн түп тамырында жаткан фундаменталдуу көйгөй. Муну менен билим берүү системасы, коом алектениши керек, анткени биз жарандарыбызды финансылык рынокто сабаттуу гана кардар кылып түзбөстөн, өзүнүн жана үйбүлөсүнүн алдындагы жооптуу өкүлдү жаратышыбыз керек. Биз ар бир ата-энени анын баласы өз алдынча финансылык турмуш курууга даярбы деген ойго келишине чакырат элек. Биздин тапшырмабыз билим берүү системасында кеңири масштабда “финансылык сабаттуулукту” жайылтуу болуп эсептелет” – деп белгиледи Надежда Добрецова. 

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча “Дүйнөлүк акча жумалыгы” кампаниясынын алкагындагы ишчаралар Кыргызстанда 2016-жылдын 22-мартына чейин созулат. Ишчара мектеп окуучулары менен студенттер арасындагы үнөмдөө темасы боюнча “Эң мыкты сүрөт, видеоролик жана эссе” аттуу сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо менен жыйынтыкталат. Сынактын жеңүүчүлөрүн баалуу белектер күтөт, алардын катарында Кыргызстандын коммерциялык банктарында депозиттердин ачылышы дагы бар.  

 

Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жумалыгы» старт алды Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жумалыгы» старт алды Кыргызстанда «Дүйнөлүк акча жумалыгы» старт алды

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться