Мамлекет башчысынын “Манас” радиосуна жооп каты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мамлекет башчысынын “Манас” радиосуна жооп каты

Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эркин журналисттер мамлекет башчысынын дарегине  кесипке байланышкан маселелер тууралуу кат куржун акциясын уюштурган.



7-ноябрьбасмасөз күнүнө карата Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эркин журналисттер мамлекет башчысынын дарегине  кесипке байланышкан маселелер тууралуу кат куржун акциясын уюштурган.

Кесиптешибиз,“Манас” радиосунун кызматкери, журналист А. Мукамбетова да радионун атынан жогорудагы өнөктүктүн алкагында ажобузга кат кат жөнөткөн. Катта, Орто Азияда алгачкы болуп ачылган студенттердин сүйүктүү радиосуна айланган кыргыз-түрк “Манас” радиосу профессионал маалымдоо каражаты катары 20жылдан ашык убакыттан бери келечек журналисттерди тарбиялоо, калкка билим берүү, илим жана социалдык көйгөйлөрдү чагылдырып, КТМУ окуу жайын таанытууда маалыматтык аракеттерди көрүп келе жатканы айтылган.

Студенттердин сүйүктүү радиосуна айланган “Манас” радиосун мамлекет башчысы убактысынын тардыгына карабай, угуп билээрин, кабары бар экенин туюнткан жооп каты 30.11.2018 редакциябызга келди. Мамлекет башчысы тарабынан жөнөтүлгөн жооп каттагы  “кызматташуу жөнүндө каалоо-сунуштарыңыз эске алынат”,-деген жообу “ Манас” радиосунун чыгармачылык жамаатынын мындан аркы ишин шыктандырат. Төмөндө мамлекет башчысы С. Жээнбековдон келген жооп кат менен таанышсаңыз болот.

Мамлекет башчысынын “Манас” радиосуна жооп каты Мамлекет башчысынын “Манас” радиосуна жооп каты

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться